super.kg logo
  Саясат  

ШКУ саммитине даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитетинин биринчи жыйыны болуп өттү (фото)

 
Бүгүн, 2-октябрда президентинин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин, ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин биринчи жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Маалым болгондой, 2026-жылы Бишкек шаарында ШКУ саммитин, ошондой эле Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин натыйжалуу координациялоону жана ийгиликтүү өткөрүүнү камсыз кылуу максатында президент Садыр Жапаров жогорку деңгээлдеги иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча жалпы жетекчиликти президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевге жүктөгөн.
Иш-чарада уюштуруу комитетинин курамы бекитилди. Анын мүчөлөрүнө уюштуруу, протоколдук жана башка даярдык чараларын камтыган негизги иш-чаралардын планын даярдоо тапшырылды.
Ошондой эле уюштуруу комитетинин төрагасы компетенттүү министрликтерге коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуу, меймандостуктун жогорку деңгээлин камсыз кылуу, ошондой эле керектүү инфраструктураны өз убагында куруу жана модернизациялоо боюнча толук чараларды көрүүнү тапшырды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: