Бишкекте скутер айдаган адамды сүзгөн айдоочу аныкталды. Ал 16 жаштагы өспүрүм болуп чыкты (видео)
Бишкекте скутер айдоочусун сүзүп кеткен өспүрум кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Милиция кайгуул кызмат башкармалыгы билдирди.
Маалым болгондой, 2025-жылдын 19 сентябрь күнү социалдык тармактарды мониторинг кылуу учурунда Фрунзе – Весёлая көчөлөрүнүн кесилишинде болгон жол-транспорт кырсыгы боюнча видеоматериал табылган. Видеодо белгисиз айдоочу Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаа менен скутер айдоочусун сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткендиги аныкталган.
Бул маалымат ЖМКларга жарыяланган соң, Бишкек ШИИББинин МККБнын МЭЖ базасына катталып, сотко чейинки өндүрүш иши козголгон. Ошондой эле айдоочунун жана унаанын өздүгүн аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөн.
Натыйжада бүгүн айдоочу аныкталып, кармалды. Ал 2009-жылы туулган жашы жете элек А.У. экени белгилүү болду. Ага карата мыйзамда каралган тартипте бардык тиешелүү протоколдор түзүлдү.
Мекеме бардык жол кыймылынын катышуучуларын жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырып, аларды бузуу үчүн жоопкерчилик каралганын эскертти.
Бишкекте скутер айдоочусун сүзүп кеткен өспүрүм кармалды


