Бишкекте мыйзамсыз орнотулган тосмо, унаа токтотуучу жай жана ангар демонтаждалды (фото)






Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын кызматкерлери Октябрь районунда жер тилкелеринин мыйзамдуулугун текшерүү жана тургундардын кайрылууларын карап чыгуу үчүн көчмө жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу мэриядан билидришти.
Маалым болгондой, 7-Апрель көчөсү, 3/2 дарегинде мыйзамсыз орнотулган тосмо алынды. Мэрия бул тосмо экинчи жолу алынып жатканын кошумчалады.
Ошондой эле Мадыев көчөсү, 20 дарегиндеги кафенин администрациясы мыйзамсыз тосмолор менен тосуп, акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайларды уюштурганы аныкталды. Андагы бардык курулуштар алынды.
Мекемеден билдиришкендей, 650 чарчы метр ангарды да алуу иштери башталды. Буга чейин мэриянын комиссиясы ижара келишимин токтоткон. Ангар демонтаждалып, жер муниципалдык менчикке кайтарылып берилет.



