"Туулган күндү тойдо белгилеп калам". Кыргыз Эл артисти Анапия Райымбекова 62 жашта
Бүгүн, 3-октябрь белгилүү ырчы, бир топ обондордун автору, айтылуу “Үч-Теректин үч кызынын” улуусу, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Анапия Райымбекованын туулган күнү. Ал бул жылы 62 жашка толуп, жакындарынын куттуктоосун алып жаткан чагы. SUPER.KG порталы дагы алардын катарын толуктап, ырчы айым менен байланышып, куттуктоо сөзүн айттык.
Ыраазычылыгын билдирген ырчы айым Таласка жол тартканын билдирип, туулган күндү тойдо белгилеп кала тургандыгын кошумчалады.
"Азыр Таласка бара жатам. Эртең менен саат 8де жолго чыкканбыз. Ал жакка барып, жаңы турмуш баштаган жаштардын тоюн шаңга бөлөп келели. Жол бою туулган күнгө келген куттуктоолорду окуп, көрүп, жүрөгүм жылып келе жатат. Негизи туулган күндү ресторан-кафелерден өткөрө бербейм. Жакындарым менен эле дасторкондун четинде даам сызып, сүйлөшүп отуруп белгилейм. Ал күн ата-энеңе ыраазычылык айта турган күн да. Быйыл Талас жергесине жакшылыкка бара жатам, туулган күнүмдө ошол жерде болуп калат экенмин, сиңдимдин үйүнө барып эс алам",- деп билдирди Райымбекова.
Ал алган эң баалуу белегине кызыкканыбызда уулунан эки жыл мурун алган алтын тагынчактар экендигин айтты.
Анапия Райымбекова 1963-жылы 3-октябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Өзгөрүш айылында төрөлгөн. Улуттук филармониянын алдындагы эстрадалык 2 жылдык окуу жайды бүтүргөн. 2008-2013-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда билим алган. Алгач Жумамүдүн Шералиевдин "Мендеги ыйык махабат" жана Асанкалый Керимбаевдин "Сезимдеги ойлор" аттуу ырлары менен белгилүү болгон.
3-октябрдын жылнаамасы.
