super.kg logo
  Саясат  

Улан Примов: "Улуттар биримдиги" фракциясынын депутаттары мандаттарын тапшырышса, орундарды башка депутаттар толуктайт"

 

16-январда  шаардык кеңештин төрагасы Улан Примов "Ош шаардык кеңешиндеги "Улуттар биримдиги" фракциясынын депутаттары мандаттарын тапшырган учурда да, шаардык кеңеш өз ишин уланта берет" деп билдирди.

"Мыйзамга ылайык "Улуттар биримдиги" фракциясынын депутаттары мандатын тапшырган учурда  алардын ордун кезектеги башка талапкерлер толуктайт. Бул маселени карап жатабыз. Буга байланышкан маселе шаардык кеңештин кийинки кезектеги сессиясында гана каралат", — деди Примов.

Эскерте кетсек, 15-январда мэр шайлоодон кийин борбордук аянтта экс-мэр Мелисбек Мырзакматовдун тарапташтары тынчтык митингин өткөрүшкөн.  Анда "Улуттар биримдиги" партиясынын шаардык кеңештеги депутаттары мандатын тапшыра тургандыгы тууралуу айтылган. Ал эми аталган фракциянын депутаты бул маселени партиянын саясий кеңеши чечерин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: