super.kg logo

Бишкек мэри Сеулдагы эл аралык форумга катышты

 

28-сентябрдан 1-октябрга чейин Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Түштүк Кореянын Сеул шаарында иш сапары менен болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, калаа башчысы Сеул шаарынын өкмөтү Дүйнөлүк акылдуу жана туруктуу шаарлар уюму жана Сеул санариптик фонду менен биргеликте уюштурган эл аралык иш-чараларга катышты.

Метрополис уюмунун 40 жылдыгына карата уюштурулган форумга ири шаарлардын мэрлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттик коомчулук, бизнес өкүлдөрү катышты. Талкуунун негизги темалары шаарды өнүктүрүү, жашыл жана туруктуу өсүү, санариптештирүү, шаарды башкарууга инновацияларды киргизүү болду.

Пленардык жыйындарда Бишкек шаарынын мэри сөз сүйлөп, Кыргызстандын борбор шаары туруктуу өнүгүү принциптерине бекем экенин жана дүйнөлүк мегаполистер менен тажрыйба алмашууга даяр экенин белгиледи. Башкы артыкчылыктар катары экология, санариптик инновациялар, шаардык инфраструктураны өнүктүрүү жана тургундардын жашоо сапатын жакшыртуу айтылды.

Форумга катышуу Бишкекке эл аралык байланыштарды чыңдоого, жаңы өнөктөштүктөрдү түзүүгө жана борборду өнүктүрүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ача турган акылдуу шаардын ийгиликтүү тажрыйбалары менен таанышууга мүмкүндүк бергендиги кошумчаланат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: