Баткенде мамлекеттик кызматкерлердин кызматтык үйү жана конок үйү жаңыланууда








Баткен шаарындагы мамлекеттик кызматкерлердин 32 батирлүү кызматтык үйү, капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүлүүдө. Алдыда кызматтык үйдүн алдына асфальт төшөлүп, айланасы көрктөндүрүлөт. Балдар ойноочу аянтчалар да курулат. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүк билдирди.
Мындан сырткары, Төрт-Гүл суу сактагычынын жээгинде жайгашкан конок үйү да капиталдык оңдоп түзөөдөн өтүп, коноктор үчүн заманбап шарттар түзүлүүдө. Курулуштар республикалык бюджеттен каржыланууда.
Президентин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев курулуш иштеринен кабар алып, курулуштун сапатына өзгөчө көңүл буруп, мөөнөтүндө бүтүрүүнү тийиштүү жетекчилерге тапшырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:44
2025-10-03
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.