Кызыл-Кыя ЖЭБи кышка даярдык көрүүдө








Кызыл-Кыя шаарындагы жылуулук электр борборунун кышкы жылытуу мезгилине карата даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалымдагандай, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев борбордун абалы жана даярдык иштери менен жеринде таанышкан.
"Кызыл-Кыя ЖЭБине 2000ге жакын абонент туташкан. Бир жылытуу мезгили үчүн орточо эсеп менен 7 миң тонна көмүр талап кылынат. Учурда октябрь айына карата 1000 тоннадан ашуун көмүр жеткирилип, калганы этап-этабы менен ташылып жатат",- деп айтылат маалыматта.
ЖЭБ жетекчилигинин маалыматына ылайык, кышка даярдык боюнча оңдоо жана профилактикалык иштердин басымдуу бөлүгү бүтүрүлүп, жабдуулар толук кандуу ишке киргизүүгө даярдалууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.