Эсептөө палатасы Ош мэриясынан каржылык мыйзам бузууларды аныктады
Ош шаарынын 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына, ошондой эле муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнө шайкештик аудити жүргүзүлдү. Бул тууралуу Эсептөө палатасы билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүүдө шаар бюджетинин такталган көлөмү 3 миллиард 224,2 миллион сомду түзгөн. Бирок кирешелер 92,7 пайызга гана аткарылып, пландан 235,6 миллион сомго аз түшкөн. Айрыкча киреше салыгы жана ижара төлөмдөрү боюнча көрсөткүчтөр жетишсиз болгон.
Чыгаша бөлүгү да толук аткарылган эмес, тагыраагы, 91,8 пайыз деңгээлде гана ишке ашкан. Социалдык коргоо жана билим берүү тармактарында каражаттар толук көлөмдө колдонулган эмес.
Жалпысынан аудиттин жүрүшүндө 5 миллиард 658,9 миллион сом финансылык кемчиликтер аныкталган. Анын ичинен 1 миллиард 952,6 миллион сом калыбына келтирүүгө тийиш болсо, бүгүнкү күндө болгону 31,2 миллион сом гана кайтарылган.
"Негизги мыйзам бузуулар бухгалтердик эсеп жана отчёттуулуктун так жүргүзүлбөшү, сатып алуулардагы кемчиликтер, мүлктү туура эмес пайдалануу жана 2900 миң сомдук товардык материалдык баалуулуктардын жетишпестиги менен байланыштуу",- деп айтылат маалыматта.
Эсептөө палатасы аудиттин жыйынтыктары Башкы прокуратурага укуктук баа берүү үчүн жөнөтүлүп жатканын кошумчалады.
