super.kg logo

Түтүнсүз келечек: Тамеки & ысытылуучу тамекиси бар буюмдар  

 

Дүйнө өзгөрүүдө, болгондо да өтө тездик менен. Кечээ нормалдуу деп саналган айрым нерселер бүгүн маанисин жоготууда. Айрыкча, технология тармагындагы заманбап процесстер буга далил. Philip Morris International (PMI) компаниясы Казакстандын борбору Астанада TECHNOVATION-2025 конференциясын уюштурду. Анда тамеки индустриясындагы инновациялар: ысытылуучу тамекиси бар буюмдар, ага байланышкан илимий изилдөөлөр, статистика жана тенденциялар эксперттердин катышуусунда талкууланды.

Томмазо Ди Джованни, PMI’нин байланыш жана өз ара аракеттенүү боюнча вице-президенти:

- Өлкөлөр ондогон жылдар бою тамеки чегүүгө каршы бардык мүмкүн болгон ыкмаларды колдонуп күрөш жүргүзүштү. Бирок 2025-жылы дүйнөдө дагы деле 1 миллиарддан ашык адам тамеки чегүүдө. Демек, азыркыдай мамиле жетиштүү деңгээлде эффективдүү эмес экени ачык көрүнүүдө. Тамекиге альтернатива бар жана илимий изилдөөлөр анын зыяны азыраак экенин далилдөөдө. Бул альтернативаны жеткиликтүү кылуу үчүн өкмөт, медицина коомчулугу жана жарандык коом биргелешип аракет кылышы зарыл. Баары так маалыматка ээ болууга тийиш. Скептизм жана туура эмес маалыматтар процессти тормоздоп жатат. Бир топ өлкөлөр инновацияларга ачык эле бут тосушууда. Башкалары, такыр эле тыюу салып жатышат. Саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрү жана тамекиге каршы уюмдар түтүнсүз продукциялардын (IQOS ILUMA) потенциалын жана чылым чегүүнү азайтуудагы эффективдүүлүгүн системдүү түрдө четке кагып келишет.


Маалымат үчүн: Кыргызстанда 2025-жылдын 1-июлунан тарта электрондук тамекилерди алып келүүгө, сатууга жана колдонууга тыюу салынган. PMI сунуштаган ысытылуучу тамекиси бар IQOS ILUMA каражаты тыюу салынган продукттардын катарына кирбейт. Электрондук тамекилерден айырмаланып IQOS ILUMA табигый тамеки салынган TEREA таякчаларын ысытып берет.

Статистика...

“Филипп Моррис” компаниясы “Тамеки чекпесеңиз - баштабаңыз, чексеңиз - таштаңыз, таштабасаңыз – анда алмаштырыңыз” деген принципти карманат. PMI’нин түтүнсүз продукттары ийгиликтүү колдонулуп жаткан Япония, Жаңы Зеландия, Исландия, Швеция жана башка өлкөлөрдө тамеки чеккендердин саны кескин азайып жатканы айтылат. Мисалы, Жаңы Зеландияда 2014-2023-жылдар аралыгында 52 пайызга, Исландияда 50 пайызга, Швецияда 49,5 пайызга, Японияда 45,9 пайызга азайганын билдирди PMI. Компания мындан да жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүнү көздөйт.

Тарыхты өзгөрткөн ачылыштар

PMI тарыхта бардык глобалдык инновацияларга адамдар адегенде ишенбей, коркуп, алтургай шылдыңдап күлүп мамиле кылышканын, азыркы учурда PMI’нин ысытылуучу тамекиси бар буюмдары да ушундай этапты баштан өткөрүп жатканын, келечекте бул каражаттар кадимки тамекинин ордун татыктуу алмаштырат деген көз карашта. PMI мисал катары төмөнкү салыштырууларды келтирет.

Вакцина

“Ишенимдин жоктугу вакциналардын аз таралышынын башкы себеби болгон. Айрым докторлор вакциналардын “илимсиздигин” айтып күлүшкөн. Туура эмес маалымат, адашуу, вакциналардын коопсуздугу боюнча илимге ишенбөө вакцинаны жайылтуудагы чечкинсиздиктердин бири болгону анык”.

Учак

“Бир тууган Райттардын биринчи ийгиликтүү учуу жасашына 9 апта калганда “Нью-Йорк Таймс” гезити “адамзаттын асманда учушуна миллион жыл керектелет” деп билдирген. А бүгүн коммерциялык аба байланышы мурда апта, айлар керектелген жолду кыскартып, күн сайын миллиондогон адамды бириктирүүдө”.

Смартфон

“Александр Грэм Белл телефон ойлоп тапканда аны пайдасыз оюнчук катары четке кагышкан. Алтургай Western Union компаниясы өтө көп “кемчиликтер” бар деп патент сатып алуудан баш тарткан. Иш жүзүндө телефон бүгүн коомдук жашоонун ажырагыс бөлүгүнө айланды. Биз мурда элестете да албаган ылдамдыкта маалымат таратууда”.

Автоунаа

“Дөңгөлөктөн чачыраган ылайдан жана мотордун катуу үнүнөн улам алгачкы автоунааларга адамдар “кооптуу жана ыңгайсыз” деп күлүшкөн. АКШ соттору аларды жапайы айбанаттарга салыштырышкан. Бүгүн автоунаалар адамзаттын жумушуна, жашоосуна жана саламаттыгына болуп көрбөгөндөй жеңилдик тартуулады деп айта алабыз”.

Медицина коомчулугу эмне дейт?

Бүгүнкү күндө кадимки тамекиге альтернатива катары сунушталып жаткан заманбап каражаттар боюнча дискуссия уланууда. Мындан ары да уланары ырас. Конференцияда айрым илимпоздор ысытылуучу тамекиси бар буюмдар жаатында илимий изилдөөлөр, анализдер позитивдүү жыйынтык бергенин белгилешти.

Евгений Имянитов, медицина илиминин доктору, профессор. Онкологиянын молекулярдык тармагы боюнча адис, Орусия илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти:
- Башында адамдар тамекини үзгүлтүксүз чегишчү эмес, анткени сигар жана түтүкчө формасында болгондуктан алып жүрүү ыңгайсыз болчу. Катастрофа 1983-жылы, тамекини автоматтык түрдө кагазга орой турган машина түзүлгөндө башталды. Тамеки такай чегүүгө ыңгайлуу болуп калган. Анан никотинге көз карандылык башталды. Бүгүнкү күндө көптөгөн адамдар тамекини таштай алышпайт, себеби - никотинге көз карандылык бар, бул факт. Азыркы учурда никотин жеткирүүнүн салыштырмалуу азыраак жапайы ыкмасын табуу үчүн компромисс издөө керек. Жок дегенде тамеки түтүнүнөн арылуунун үстүнөн ойлонуу кажет болуп турат. Дүйнө жүзүндө жылына 2 миллион адам өпкө рагынан каза болсо, алардын 85 пайызы ракты тамеки чегүүдөн тапкандар.

Саттар Ералиев, жогорку категориядагы врач-пульмонолог. Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалар аралык пульмонологиялык комиссиянын эксперти:
- Тамеки чегүү олуттуу көйгөйлөрдү жарата баштаганда илимий терең изилдөөлөр, анализ жүргүзүүлөр башталган. Бүгүнкү күндө тамеки чегүүгө түздөн-түз байланышкан оорулар бар. Биринчи кезекте, бул – өпкөнүн рагы. Бул тамеки чекпегендерге караганда 8 эсе көп кездешет. Тамекинин зыяны жөнүндө сөз кылсак, албетте, баары тамекинин түтүнүнө байланыштуу. Түтүн – тамекинин күйүшүнөн пайда болгон негизги агрессивдүү фактор. Канцерогендик заттар жана башкалар өпкөгө түз кирип, өпкөнү жейт. Бүгүнкү күндө түтүнсүз технологияларды пайдалануу жөнүндө айтышканда, түтүндүн таасирин бөгөттөө оң жыйынтыктарга жеткирет деген үмүттөбүз.

Мейрам Раганин, врач-стоматолог. Медицина илиминин кандидаты, PHD доктору, “Стоматологдордун эксперттик коомчулугу” республикалык коомдук бирикмесинин президенти:
- Дарыгер катары көп бейтаптар менен иштешем. Менден “ысытылуучу тамекиси бар буюмдар же тамеки: кайсынысынын зыяны азыраак?” деп сурашса, жооп бере алчу эмесмин. Ушундан улам изилдөө жүргүзүүнү чечтим. Окумуштуулар тобун чогултуп изилдөө баштадык. Чынын айтканда, алардын бир бөлүгү никотини бар нерсенин баары зыян деген көз карашта эле. Албетте, бизде да дискуссия жаралды, скептиктер скептик боюнча эле калышты. 4 шаардан тамеки чеккен 80 кишини топтоп изилдей баштадык. Жарымы тамеки чегүүнү улантты, жарымы ысытылуучу тамекиси бар буюмдарды колдонууга өтүштү. Изилдөө башталганда, 3 айдан кийин жана 6 айдан соң абалын текшердик. ЫТБ чеккендерден оң динамика байкалды, албетте, никотинге байланыштуу тобокелдиктер сакталуу бойдон калды. Ал эми кадимки тамеки чеккендердин абалы начарлады. Мисалы, кариес индекси көбөйдү. Ушундан улам ЫТБнын зыяны азыраак деген жыйынтыкка келдик. Бейтаптар кадимки тамекиден ЫТБга өтүүнүн алгачкы 1,5 аптасы кыйын болду дешти. Изилдөө бүткөндөн кийин “эми эркинсиңер, тамеки чегүүнү уланта берсеңер болот” десек, “жок, чекпейбиз” дешти.


PMI тууралуу фактылар

Азыркы учурда PMI компаниясынын изилдөө борборлорунда 1400 кызматкер иштейт. Мунун ичинде инженерлер, илимий адистер, техниктер жана башкалар бар. Бүгүнкү күнгө чейин компания өз тармагына 14 миллиард доллар инвестиция салган. Дүйнө жүзүндө PMI’нин түтүнсүз продукттары жеткиликтүү болгон 97 рынок бар. Түтүнсүз продукцияларынын колдонуучуларынын саны 41 миллиондон ашык. PMI алгачкы жолу 2014-жылы IQOS’ту Италиянын Милан жана Япониянын Нагоя шаарында ишке киргизген.

Кызыктуу маалымат

Дүйнөдө бүгүнү күндө 1,2 миллиард адам тамеки чегет. Тамекини таштагандардын 80 пайызы 1 жылга жетпей кайра чеге башташат. Никотин – бул нейромодулятор. Маанайды, когнитивдик функцияларды жана эске тутууну жакшыртышы мүмкүн. Бул гана эмес...






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: