super.kg logo

Военно-Антоновка айылынын тургундарын түйшөлткөн көйгөй эмне? (видео)

 

Социалдык тармактарда Чүйдүн Сокулук районундагы Кожомкул (мурдагы Военно-Антоновка) айылында саркынды сууларды төгүп жаткан чоң унаа жергиликтүү тургундар тарабынан кармалды делген видео тарады. Андан саркынды суу ташыган унааны жергиликтүү жашоочулар токтотуп, айдоочусун курчап турушканын көрүүгө болот.

SUPER.KG порталына аталган айылдын жергиликтүү кеңешинин депутаты Акмарал Гайыпбердиева маалыматты тастыктап, мыйзамсыз төгүлгөн саркынды суулар айыл тургундарын тынчсыздандырып жатканын билдирди.

Ал үйлөрдөн чыккан саркынды сууларды айылдын этегиндеги айдоо жерге эле төгүп кетип жаткан учурлар көп экенин, мындан улам жагымсыз жыт айыл ичин каптап жатканын айтты.

"Үйдүн, ажаткананын саркынды сууларын сордуруп, аны биздин айылдагы жерге төгүп жатышат. Биз бүгүн, 3-октябрда бир жүк ташуучу унааны кармадык. Алардын бул жерге төгүүгө уруксаты жок экен. Биз "Тазалык" кызматынын жетекчиси Молдокуловго өткөрүп бердик. Алар кандай чара көрүшөт, билбейбиз",- деди Гайыпбердиева.

Жергиликтүү кеңештин депутаты мындай көйгөй менен айыл эли 4-5 жылдан бери күрөшүп жатканын, бирок жыйынтык чыкпаганын айтат. Гайыпбердиева "Тазалык" кызматы атайын саркынды сууларды төгүүчү жай уюштурса жакшы болмоктугун кошумчалады.

Белгилей кетсек, Военно-Антоновка айылынын тургундары, тагыраагы, аталган айылга караштуу жаңы конуштун (аты коюла элек) жашоочулары көптөн бери тазалык маселеси боюнча нааразычылык билдирип келишет. Аймактагы таштанды полигону жайы-кышы өрттөнүп, жагымсыз жыт бүт айылды каптап жатканы, жашоочулар үйдүн терезелерин ача албай, балдардын ден соолугунан кооптонуп жатышканын буга чейин бир нече жолу айтып чыгышкан. Бирок айыл өкмөт азыркыга чейин бир чечим таба элек. Таштанды полигону азыркыга чейин иштеп жатат, айыл өкмөттүн "жакында жабылат" деген убадалары аткарылбай жатканы белгилүү болду. Мындан улам жашоочулар өлкө жетекчилигине, тагыраагы, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасоону көздөп жатышканын билдиришүүдө.

Конушта таза суу, жол, транспорт көйгөйү да курч бойдон калууда.






Чүйдүн Кожомкул айылына төгүлгөн саркынды суу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: