Борбор калаада балдардын укуктарын коргоо маселеси талкууланды
Бишкек мэриясы бүгүн, 3-октябрда борбор калаада балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери талкууланган жыйын өткөнүн билдирди.
Ага эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Айнура Орозбаева, Бишкек шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары Виктория Мозгачева, мэриянын социалдык өнүктүрүү департаментинин жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн, ошондой эле балдар иштери боюнча комиссиялардын төрагалары катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодексинин ченемдерин жана мыйзам алдындагы актыларды колдонуунун практикалык маселелери, укук колдонуу практикасындагы кемчиликтерди жана кыйынчылыктарды аныктоо, ошондой эле аларды жоюу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу талкууланды.
Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү департаменти тарабынан балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерин жөнгө салуучу колдонуудагы мыйзам актыларын талдоонун негизинде аныкталган көйгөйлөр жана аларды чечүү боюнча сунуштар чагылдырылган презентация көрсөтүлдү.
Виктория Мозгачева Бишкекке башка аймактардан келген оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарды колдоо боюнча жооптуу кызматтардын ортосунда мекемелер аралык кызматташуунун тартибин киргизүүнү сунуштады.
Узакка созулган талкуудан кийин балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча учурдагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жумушчу топ түзүү сунушталды.
