super.kg logo

Непалдын тургундары 2 жаштагы кызды өздөрүнүн Кудайы деп жарыялашты

 

Непалда индуизмдеги жаңы Талежу Кудайы тандалды. Бул наамды эки жаштагы Арьятара Шакья алды. Ал буга чейин Кумари болуп келген 11 жаштагы Тришна Шакьянын ордуна келди.

Салт боюнча Кумари боло алышы үчүн талапкерлер Катмандуда жашаган невар элинин Шакья уруусунан чыккан кыздар болушу шарт. Алардын териси, чачы, көзү, тиши кемчиликсиз болушу керек жана караңгыдан коркпошу зарыл. Кумари наамын кыздар бой жеткенге чейин гана аркалай алышат.

Жаңы Кудай деп тандалган Арьятара Шакья Кумари Чоук сарайында жашайт. Ал жерден жылына бир нече жолу гана чыгат. Ага индуисттер да, буддисттер да таазим кылышат.

Бирок мурдагы Кумарилер үчүн бул роль кийинчерээк көйгөйлөрдү жаратат. Алар коомго аралашууда, билим алууда кыйынчылыктарга туш болушат. Ошондой эле эл арасында ким мурдагы Кумари менен үйлөнсө, ал эрте көз жумат деген ишеним бар болгондуктан, айрымдары турмушка чыкпай калышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: