Газага бара жаткан активисттердин кармалышы Европада нааразылык акцияларын күчөттү
Израил аскерлери Газага багыт алган активисттер жана гуманитардык жардам жүктөлгөн "Эркиндик флотилиясындагы" 13 кемени токтоткондон кийин Европа өлкөлөрүндө жана Латын Америкада нааразычылык акциялары күч алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Римде палестин желектери Колизейдин айланасына толду. Катышуучулар Жорджа Мелонинин өкмөтүн жана Европа Биримдигин Израил бийлигине көбүрөөк басым кылууга чакырышты.
Франциянын борбору Парижде башында кесиптик кошуундар өкмөттүн үнөмдөө чараларына каршы чыккан. Бирок кийинчерээк бул акциялар палестиналыктарга тилектештик билдирген демонстрацияларга айланды. Француздар "Эркин Палестина" деген ураандар жазылган футболкалар менен маршка чыгышты. Кээ бирөөлөр "Геноцидди токтотолу" деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп жүрүштү.
Демонстрациялар Италияда да өттү. Миланда 20 миңге чукул киши шаар борбору менен жүрүш өткөрүп, Израилге каршы ураандарды кыйкырып чыгышты. Израилде кармалган флотилиянын активисттеринин арасында төрт португал жараны болгон. Алардын бошотулушун Лиссабондо өткөн митингдин катышуучулары талап кылышты.
Испаниянын Каталония автономиясынын борбору Барселонада демонстранттар бир нече ири жолдорду жаап салышты. Бул жерде митингчилер менен полиция ортосунда кагылышуулар болду.
Польшанын борбору Варшавада нааразычылык акциясына чыккандар Тышкы иштер министрлигинин имаратын курчоого алышып, кызыл боёкту чачып, терезелерди талкалашты.
Грециянын борбору Афиныда да митингдер башаламандыкка айланды. Акциянын катышуучулары факелдерди жагып, полиция имараттарына салюттарды ыргыткан.
Бул нааразылык толкуну Мексикага да жетти. Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында митингдер карнавалдын духунда өттү. Жарандык уюмдардын өкүлдөрү жана студенттер добулбас кагып, ыр ырдап, 11 мекендешин бошотууну талап кылышты.
