super.kg logo
  Саясат  

Эдил Байсалов көрүнүктүү жапон балбаны Хакухо Сё менен жолугушту

 

Бишкекте бүгүн, 3-октябрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 69-чу ёкодзуна, сумо боюнча көрүнүктүү жапон балбаны Хакухо Сё менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей өтсөк, Хакухо Сё бул күрөш түрүнүн тарыхындагы эң улуу спортчулардын бири катары таанылган.

Хакухо Сё расмий түрдө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ыктыярдуу элчиси болуп дайындалды жана оюндардын баалуулуктарын эл аралык аренада жайылтууга, Кыргызстанды таанытууга, ошондой эле алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чет элдик конокторду чакырууга көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы маданий-спорттук алмашууну өнүктүрүү перспективалары, ошондой эле Кыргызстандын жаштары арасында сумону жайылтуу маселелери талкууланды.

Байсалов Кыргызстан маданий байланыштарды кеңейтүүгө жана элдердин ортосундагы достукту бекемдөөгө чоң маани берерин баса белгиледи. Анын айтымында, спорт өз ара түшүнүшүүнүн жана ишенимдин маанилүү куралы болуп саналат. Төраганын орун басары Хакухо Сё сыяктуу абройлуу инсандар менен кызматташуу спорттук дипломатияны чыңдоого өбөлгө түзүп, жаш муун үчүн шыктандыруучу булак болоруна ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Хакухо Сё өз тажрыйбасы жана билими менен бөлүшүүгө даяр экенин тастыктады. Ал спорт ар кайсы өлкөлөрдүн жана маданияттардын адамдарын бириктирерин белгилеп, Япония менен Кыргызстандын ортосундагы маданий жана спорттук байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүгө үмүт артарын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: