super.kg logo
  Саясат  

Өлкөдө алгач ирет спутник интернетин колдонуу боюнча пилоттук долбоор ишке кирет

 
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанды ыкчам санариптик өнүктүрүү, санариптик теңсиздикти жоюу жана жаңы телекоммуникациялык технологияларды киргизүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында "Геостационардык эмес спутник системаларын пайдалануу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Кыргызстанда биринчи жолу геостационардык эмес спутник системаларын пайдалануу менен интернетке кирүү технологиясы колдонулат.
Долбоор 6-октябрдан тартып 2026-жылдын 5-октябрына чейин ишке ашырылат. Бул демилге санариптик теңсиздикти жоюуда маанилүү кадам болуп, интернетке кошулуу кыйын же мүмкүн болбогон алыскы жана жетүүгө оор аймактардагы тургундар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Долбоордун маанилүү өзгөчөлүгү анын ачыктыгы болуп саналат. Пилотко спутниктик интернет кызматын көрсөткөн бардык эл аралык операторлор катыша алат, алар президенттин жарлыгында каралган шарттарды жана милдеттенмелерди аткарышат.
Мындай ыкма таза атаандаштыкты түзүп, ар кандай технологиялык чечимдерди тестирлөөгө, техникалык жана укуктук тоскоолдуктарды аныктоого, ошондой эле өлкөдө спутник байланыш системаларын келечекте жөнгө салуу жана масштабдуу ишке киргүзүү үчүн негиз түзөт. Пилоттук долбоор аяктагандан кийин тиешелүү мамлекеттик органдар тестирлөөнүн жыйынтыгын баалоо менен корутунду даярдап, өлкө жетекчилигине спутник интернетин андан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарын киргизет.
"Сапаттуу интернеттин өлкөнүн эң алыскы аймактарына жетиши республиканын бардык жарандарынын жашоо сапатын жакшыртууга өбөлгө түзүп, билим берүүнү, саламаттык сактоону, бизнести жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү үчүн жаны мүмкүнчүлүктөрдү ачат", -деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: