Социалдык эксперимент: Казакстанда 11 жаштагы "кызды" жолугушууга чакырган адам кармалды
Казакстанда "Жаңа адамдар" кыймылынын "124" жарандык кампаниясынын активисттери интернеттеги балдардын коопсуздугуна коркунуч туудурган учурларды аныктоо максатында социалдык эксперимент жүргүзүштү. Бул тууралуу кыймыл социалдык тармактагы баракчасында жарыялады.
Муну ишке ашыруу үчүн социалдык тармактардын биринде 11 жаштагы кыздын жалган аккаунту түзүлгөн. Биринчи эле күнү баракчага 20 жаштан ашкан эркектерден ондогон билдирүүлөр келген.
Активисттер билдиришкендей, кыздын жашы эч кимди тынчсыздандырган эмес, тескерисинче, көпчүлүк так ушул жаштын өзгөчөлүгү алардын көңүлүн бурганын ачык моюнга алышкан.
Бирок активисттерди өзгөчө тынчсыздандырган бир колдонуучу болгон. Ал "кызга" жеке жолугушууну сунуштап, интимдик сүрөттөрдү талап кылган жана "мунун эч уяты жок" деп жазган.
"Жаңа адамдардын" маалыматы боюнча, активисттер көзөмөлдө турган жолугушууну уюштурган. Баланын ордуна кыймылдын өкүлдөрү келип, эркек киши кармалып, чогултулган далилдер жана жазышуулар укук коргоо органдарына өткөрүлгөн.
Активисттер жарандарды балдардын коопсуздугун интернетте да, күнүмдүк жашоодо да камсыздоого чакырышты.
"Ар бир күндө, ар бир шаарда, көчөдө, кезекте, айланабызда өзүнүн чыныгы жүзүн жашырган адам болушу мүмкүн. Бул тууган, дос же жөн эле жөө жүргүнчү болушу мүмкүн. Коркунуч көп учурда биз ойлогондой алыста эмес", — деди кыймылдын өкүлү Алина Султан кызы.
