super.kg logo

Трамп ХАМАСка Газа боюнча тынчтык планын кабыл алууга дүйшөмбүгө чейин убакыт берди

 

Палестиналык ХАМАС тобу бардык израилдик туткундарды, тагыраагы, тирүү адамдарды да, каза болгондордун сөөктөрүн да кайтарууга даяр экенин билдирди.

Бул билдирүүдөн көп өтпөй АКШнын президенти Дональд Трамп Израилге кайрылып, туткундардын бошотулушуна шарт түзүү үчүн Газа секторуна жасалып жаткан соккуларды дароо токтотууга чакырды.

Ага чейин Трамп ХАМАСка ультиматум коюп, эгер жекшемби күнү кечке чейин анын тынчтык орнотуу планын кабыл албаса, алардын толук жок кылынарын эскерткен.

Кечээ, 3-октябрда ХАМАС өзүнүн социалдык тармактарындагы баракчаларында билдирүү таратып, анда алар Трамп жана Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху тарабынан сунушталган пландын айрым шарттарына макул экенин билдиришкен.

"Согуштук аракеттерди токтотуу жана Израил аскерлерин Газа секторунан толук чыгарып кетүү максатында, кыймыл Трамптын сунушунда көрсөтүлгөн алмашуу формуласына ылайык, бардык израилдик туткундарды бошотууга макул экенин жарыялайт", — деп айтылат билдирүүдө.

ХАМАС ошондой эле бошотуу жол-жобосу боюнча ортомчулар менен дароо сүйлөшүүлөрдү баштоого даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары ХАМАС Газа секторун башкара турган бийликти палестиналык көз карандысыз органга өткөрүп берүүгө макул экенин ырастады. Бул орган палестиналык улуттук консенсуска жана араб, ислам дүйнөсүнүн колдоосуна таянып түзүлмөкчү.

ХАМАСтын бул билдирүүсүнөн көп өтпөй, АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн Truth Social тармагында билдирүү жарыялады.

"ХАМАСтын бул позициясы мени узак мөөнөттүү тынчтыкка даяр экенине ишендирди. Израил Газага болгон аба соккуларын дароо токтотушу керек, анткени биз туткундарды тез жана коопсуз бошотушубуз керек! Азыр муну жасоо өтө кооптуу. Биз буга байланыштуу кайсы деталдарды макулдашуу керек экенин талкуулап жатабыз", — деп жазды Трамп.

Бирок ХАМАС өзүнүн билдирүүсүндө Трамптын Газанын жана башка палестин аймактарынын келечеги тууралуу пландарынын башка бөлүктөрүн ачык колдобой турганын билдирип, бул маселелер алдыда дагы талкууланып жатканын кошумчалаган.

Ал эми Катар мамлекети согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдө маанилүү роль ойногон өлкө катары ХАМАСтын жообун кубаттап, төмөндөгүдөй билдирүү жасады:

"Биз ошондой эле президент Трамптын ок атышууну дароо токтотуу чакырыгын колдойбуз. Бул туткундарды коопсуз жана тез бошотууга, ошондой эле палестиналыктардын каны төгүлүшүн токтотууга жардам берет".

Катар Египет жана АКШ менен сүйлөшүүлөрдү кайра жандандыруу үчүн координация баштаганын билдирди.

Көп өтпөй Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси да расмий билдирүү таратты.

"ХАМАСтын билдирүүсүн эске алуу менен, Израил туткундарды дароо бошотууга багытталган Трамптын планын ишке ашыруунун биринчи этабын баштоого даяр. Биз согушту токтотуу максатында, президент жана анын командасы менен толук кызматташууда болобуз. Бул аракеттер Израил койгон принциптерге жана Трамптын көз карашына ылайык жүргүзүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Трамптын планына ылайык, Газа секторундагы согуш бардык 20 тирүү калган израилдик туткун бошотулгандан жана каза тапкандардын сөөктөрү кайтарылган соң 72 сааттын ичинде токтотулушу керек. Мунун ордуна, Израил жүздөгөн палестиналык туткундарды бошотот.

20 пункттан турган бул план ХАМАСтын Газа секторун башкарууга катышуусун толугу менен четке кагат жана келечекте палестин мамлекетин түзүү мүмкүнчүлүгүнө жол ачат.

Бирок план жарыяланган соң Израилдин премьер-министри Нетаньяху кайрадан палестин мамлекетинин түзүлүшүнө каршы экенин белгилеп өттү.

"Бул макулдашууда жазылган эмес. Биз Палестин мамлекетин түзүүгө каршы экенибизди ачык билдирдик", — деди ал АКШнын Ак үйүндөгү расмий салтанаттан кийин жарыяланган видео кайрылуусунда.

Планга ылайык, эки тарап макул болгон соң Газада гуманитардык жардам дароо башталат.

Мындан тышкары Газа убактылуу “технократтык жана саясатсыз палестин комитети” тарабынан башкарылат. Бул комитет жаңы түзүлө турган “Тынчтык кеңеши” деген эл аралык өтмө орган тарабынан көзөмөлдөнөт.

Документте бул кеңешти Дональд Трамп өзү жетектей турганы көрсөтүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: