Орусияда кыргызстандык жаранды өлтүрүүгө шектелип мурдагы иш берүүчүсү кармалды
Орусияда кыргызстандык жаранды өлтүрүүгө шектүү адам кармалды. Бул тууралуу 3-октябрда Орусиянын Ички иштер министрлиги билдиргенин орус басылмалары жазышты.
Маалым болгондой, июнь айында полицияга бир аял кайрылып, көптөн бери байланышсыз болуп жаткан кыргызстандык таанышын табууга жардам сураган. Аялдын айтымында, дайынсыз жоголгонго чейин ал киши Петропавловск-Камчатский шаарындагы дүкөндө жүк ташуучу болуп иштеп жүргөн. Териштирүүнүн жүрүшүндө, ал Камчаткадан чыгып кетпегени, ооруканага кайрылбаганы аныкталган. Анын туугандары менен достору дагы эч кандай кабар ала албай жатышкан.
Кыргызстандын жараны акыркы жолу иштеген жериндеги видеокамералардан көрүнгөн. Андан кийин ага издөө жарыяланган.
Август айында, эч кандай жыйынтык чыкпагандыктан, полиция Орусиянын Жазык кодексинин 105-беренеси, 1-бөлүгү ("Өлтүрүү") боюнча кылмыш ишин козгогон.
Сентябрь айында, жергиликтүү тургун ити менен токой аралап жүрүп, Чыгыш шоссеси тараптан адам денеси салынган кап таап алган.
ДНК экспертизасы көрсөткөндөй, бул сөөктөр дайынсыз жоголгон кыргызстандыкка таандык болгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө полиция кызматкерлери анын өлтүрүлгөнүн аныктап, шектүү адамды кармашкан. Шектүү катары каза тапкан кыргызстандыктын 74 жаштагы мурдагы иш берүүчүсү аныкталган.
Ал өз кылмышын толук моюнга алган. Учурда тергөө иштери уланууда.
