Израил Газа шаарын басып алуу операциясын токтотту
Израил Газа шаарын басып алуу операциясын токтотту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Түнкү кырдаалды баалоо жана АКШ өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдөн кийин, саясий жетекчилик Израил Коргоо Күчтөрүнө Газадагы активдүүлүктү "минимумга" чейин азайтып, сектордо коргонуу аракеттерин гана жүргүзүү боюнча көрсөтмө берди", — деп айтылат билдирүүдө.
Радиостанциянын маалыматына караганда, мындай чаралар Газа шаарын басып алуу операциясын токтотуу дегенди билдирет.
3-октябрда ХАМАС Трамптын планына ылайык, бардык туткундарды бошотууга даяр экенин жарыялады. Ошондой эле ХАМАС Газа секторун башкарууну палестин технократтарынан турган көз карандысыз органга өткөрүүгө макулдугун билдирди.
Андан соң Трамп Израилден Газага чабуул жасоону дароо токтотууну талап кылды. АКШ президентинин айтымында, бул туткундарды коопсуз бошотуу үчүн зарыл чара болуп эсептелет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















