super.kg logo

Бишкекте негизги аянттарда митинг өткөрүүгө 2026-жылга чейин тыюу салынды

 

Бишкекте митинг-пикеттерди өткөрүүгө салынган тыюу жылдын аягына чейин узартылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринч май райондук сотунан билдиришти.

"Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2024-жылдын 30-сентябрындагы чечими менен Бишкек шаардык мэриясынын Биринчи май административдик району боюнча Муниципалдык администрациясынын арызы канааттандырылды", -деп айтылат маалыматта.

Токтомго ылайык, 2025-жылдын 1-октябрынан 31-декабрына чейин төмөнкү жерлерде тынч жыйындарды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизилди:

  • “Ала-Тоо” аянтында жана ага чектеш Эркиндик бульварында (Линей көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин);

  • Жогорку Кеңештин имаратынын алдында жана ага чектеш Панфилов атындагы паркта;

  • Усубалиев атындагы эски аянтта;

  • Турсунбаева атындагы скверде;

  • Жогорку соттун имаратынын алдында;

  • Орусиянын Элчилигинин жанында;

  • Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдында;

  • Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында.

Мекемеден билдиришкендей, бул чектөөлөр мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чараларга тиешеси жок тынч жыйындарга гана тиешелүү.

Альтернативдүү жай катары, жыйындарды өткөрүү үчүн Рыскулов жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Горький атындагы сквер көрсөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: