super.kg logo

Кыргызстан Ооганстандын жабыркаган калкына гуманитардык жардам жөнөттү (фото)

 
Кыргызстан Ооганстандын табигый кырсыктардан жабыркаган калкына кезектеги гуманитардык жардамын жөнөттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, 25-сентябрда Ош шаарынын борбордук аянтынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин гуманитардык жардам кербени Ооганстанга сапарга чыккан. Иш-чарада өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өз сөзүндө гуманитардык жүктүн маанисин баса белгилеп, жолго чыккан куткаруучуларга өлкөнүн ишеничин аркалап, аманатты эсен-аман жеткирүүгө дем берип, сапарга узаткан.
Кыргызстандан жөнөтүлгөн гуманитардык жүктүн курамына 130 тонна азык-түлүк, 2 миллион сомдук балдардын жылуу кийим-кечелери жана зарыл болгон күнүмдүк товарлар кирген.
Үч күндүк сапардан кийин, 27-сентябрда кербен Өзбекстандын аймагы аркылуу коопсуздук кызматтарынын коштоосунда Термездеги Хайратон өткөрмө постуна жеткен. Ал жерде делегацияны Кыргызстандын Ооганстандагы өкүлү жана жергиликтүү коопсуздук органдары тосуп алып, Мазари-Шариф шаарына чейин коштоп барышты.
28-сентябрда Мазари-Шариф шаарында гуманитардык жардамды тапшыруу аземи өткөрүлдү. Иш-чарада өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары генерал-майор Урматбек Шамырканов сөз сүйлөп, бул жардам Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан Ооганстандын Кунар провинциясындагы Нургал районунда 31-августта болгон жер титирөөдөн жабыркаган калкка багытталганын белгиледи.
Аземге Балх провинциясынын жетекчилери, анын ичинде губернатордун орун басары Абуу Идирис катышып, кыргыз элине жана Садыр Жапаровго терең ыраазычылык билдирди.
Жалпы көлөмү 130 тонна гуманитардык жүк атайын кампаларга түшүрүлүп, жакынкы күндөрү кырсык болгон аймакка жеткирилээри маалым болду.
Эскерте кетсек, мурдагы жылдары да Кыргызстан тарабынан Ооганстан элине бир нече ирет гуманитардык жардам көрсөтүлүп, акыркы төрт жыл ичинде жалпысынан 360 тоннадан ашуун жүк жеткирилген.





Кыргызстан Ооганстандын жабыркаган калкына гуманитардык жардам жөнөттү 

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: