"Жылдын мыкты мугалими" сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды (фото)













Элзат Асанова Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Үмөталиев атындагы №22 Долон жалпы билим берүү мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенет.
Ошондой эле республикалык сынакта ар бир предмет боюнча жеңүүчү аталган 10 мугалимге президенттин фондунан 500 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырды.
1-орунду багындырган мугалимдер:
1. Ардак Токтоноева – “Мыкты башталгыч класстар мугалими”, Бишкек шаарындагы №68 Алыкул Осмонов атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими;
2. Озада Салахудинова – “Мыкты орус тили жана адабияты мугалими”, Ош шаарындагы №43 Бабур атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими;
3. Азирет Асылбеков – “Мыкты тарых мугалими”, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Турсуматов атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими;
4. Зулхумор Хафизова – “Адам жана коом” предмети боюнча мыкты мугалим”, Ош шаарындагы №4 Киров атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими;
5. Махабат Шорохова – “Мыкты чет тил мугалими”, Ош облусунун Өзгөн районундагы №14 Тангатаров атындагы жалпы билим берүүчү жатак мектептин мугалими;
6. Эрали Абдиев – “Мыкты география мугалими”, Ош облусунун Алай районундагы №4 Кадырмамат уулу Абдыразак атындагы жалпы билим берүүчү жатак мектептин мугалими;
7. Надира Шаршенбаева – “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети боюнча мыкты мугалим”, Нарын облусунун Кочкор районундагы Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими;
8. Кубанычбек Урпалыев – “Мыкты музыка мугалими”, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Мамбетов атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими;
9. Асылбек Кыдыров – “Мыкты дене тарбия мугалими”, Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Асаналиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими;
10. Айнура Чынасылова – “Көркөм сүрөт искусствосу” предмети боюнча мыкты мугалим”, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Пушкин атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими.
Белгилей кетсек, конкурстун республикалык этабы 22-24-сентябрда Бишкек шаарында өтүп, ага 111 талапкер катышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:34
2025-10-04
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.