super.kg logo

"Кубаныч тартуулайт". Блогер Бекзада Жолборсова туулган күнүндө алган гүлдөрүн кошуналарына таратты 

 

Блогер Бекзада Жолборсова туулган күнүндө алган гүлдөрүн көчөдөгү айымдарга таратты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-октябрда социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү.

2-октябрда блогер айым 32 жашка чыккан. Ал туулган күнүн белгилеп, жакын санаалаштарынан бир нече белектерди алган.

"Мен кошуналарыма гүл белек кылдым. Менин конокторум таарынышпайт деп үмүт кылам. Себеби мага туулган күнүмдө белекке берген гүлдөрүңөрдү мен кайрадан белек кылдым.

Карап отуруп бул кооз гүлдөр жайнап турса да бир күнү соолуп калат деп ойлодум. Ошондуктан аларга экинчи өмүр берейин деп чечтим! Кошуналарыма, апаларга, кыздарга, апаларына гүл сурап жүргөндөр балдарга белек кылдым.

Айрымдары “сат, дүкөн ач, гүл дүкөнүнө өткөр” дешти, бирок мен андай кыла албайм. Андан көрө баарына болбосо да, жок дегенде бир нечесине кубаныч тартуулап, жүзүнө жылмаюу тартуулагым келди.

Менин курбуларым, ушундай ажайып гүлдестелер үчүн рахмат силерге! Карагылачы, силердин гүлдөр канчалаган кыздарды кубантты!",- деп жазды Жолборсова.






Блогер Бекзада Жолборсова туулган күнүндө алган гүлдөрүн кошуналарына таратты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: