27 адам жабыркады... Грузиядагы башаламандыктар тууралуу эмнелер белгилүү? (фото, видео)







Грузияда муниципалдык шайлоолор боюнча добуш берүү аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, шайлоого катышуу деңгээли 33,5 пайызды түздү. Добуштардын 74 пайыздан ашыгы эсептелгенден кийин бийликтеги партия 80 пайыздан ашык добуш топтоду. Андан кийинки орундарда оппозициялык "Күчтүү Грузия" партиясы (6,8 пайыз) жана "Гахария Грузия үчүн" партиясы (3,8 пайыз) добушка ээ болду.
Тбилисинин мэрлигине бийликтеги "Грузиянын кыялы — Демократиялык Грузия" партиясынан талапкер Каха Каладзе 99,4 пайыз бюллетендер эсептелгенден кийин 71,588 пайыз добуш менен алдыда келе жатат. Оппозиция шайлоолордун уюштурулушуна нааразычылык катары Тбилисиде митинг өткөрөрүн жарыялады.
Митинг башталгандан кийин демонстранттар президенттик сарайдын короосуна кирип кетишти. Андан соң нааразычылык акциясына катышкандар менен полициянын ортосунда жаңжал чыгып, тартип сакчылары көздөн жаш агызуучу газ колдонушту.
Грузиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, башаламандыктардын жүрүшүндө 14 полиция кызматкери жаракат алган. Митингчилер Грузиянын "Имеди" телеканалынын тартуу тобуна да кол салышкан.
"Тбилисидеги президенттик сарайга чабуул жасаган митингчилер кылмыш жасашты жана алар жоопко тартылат", — деди премьер-министр Ираклий Кобахидзе. Ошондой эле Кобахидзенин айтымында, Евробиримдиктин Грузиядагы элчиси Павел Герчинский башаламандыктар үчүн өзгөчө жоопкерчилик тартат.
Тбилисинин мэри Каха Каладзе оппозициянын митингдерин мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет катары баалады. Түнгө жуук митингчилер президенттик сарайдын айланасындагы аймактан чыгып кетишти.
Өлкө бийлиги болуп өткөн башаламандык үчүн чет элдик күчтөрдү айыптады. Премьер-министр Ираклий Кобахидзенин айтымында, “Грузиядагы чет элдик агенттер толугу менен нейтралдаштырылат”. Ал ошондой эле митингге катышкандарга мындан ары грузин саясатына катышууга мүмкүнчүлүк берилбей турганын билдирди.
Кобахидзе Европа Биримдигинин элчисин да башаламандыктарды тутандырган деп айыптады.
“Кээ бир чет элдик өкүлдөр, анын ичинде Евробиримдик элчиси да, Грузиядагы конституциялык түзүлүштү кулатууга түздөн-түз колдоо көрсөтүштү. Ошондуктан ЕБ элчиси бул окуялар үчүн өзгөчө жоопкерчилик тартат”, - деди ал.
27 адам жабыркады... Грузиядагы башаламандыктар тууралуу эмнелер белгилүү?
