Бишкекте мыйзамсыз гольфкар жана электрокарлар айып аянтчасына токтотулду (видео)
Бишкекте мыйзамсыз гольфкар жана электрокарлар айып аянтчасына токтотулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы билдирди.
Маалым болгондой, Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын №100 буйругунун талаптарын аткарбоонун негизинде, мыйзамсыз соода менен иштөө бөлүмү тарабынан 9 даана оюн-зоок кызмат көрсөткөн транспорт каражаттары — гольфкар, электрокар жана башка автоунаалар айып аянтчасына токтотулган.
Аталган чаралар мэриянын буйругуна ылайык жүргүзүлдү. Анда борбор калаанын төмөнкү көчөлөрүндө мындай транспорттор менен жүрүүгө тыюу салынары так белгиленген:
– Абдрахманов көчөсү,
– Киев көчөсү,
– Тоголок Молдо көчөсү,
– Жибек Жолу проспектиси,
– Малдыбаев көчөсү,
– Ахунбаев көчөсү,
– Айтматов жана А. Масалиев проспектилери,
– Гвардия жана Эркиндик бульварлары.
"Бул аймактарда гольфкар, веломобиль, велорикша, квадроцикл жана башка көңүл ачуучу транспорт каражаттары менен кызмат көрсөтүүгө катуу тыюу салынат", - деп айтылат маалыматта.
Бишкекте мыйзамсыз гольфкар жана электрокарлар айып аянтчасына токтотулду
