super.kg logo

Камчаткада Вилючинский жанар тоосуна чыгуу учурунда турист каза болду (видео)

 

Камчаткада Вилючинский жанар тоосуна чыгуу учурунда турист каза болду. Бул тууралуу 4-октябрда Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине шилтеме берип орус басылмалары жазышты.

Маалыматка караганда, каза болгон адам менен кошо кулап кеткен кыз оор абалда. Анын жанында учурда төрт куткаруучу бар. Ошондой эле МЧС кызматкерлери тоонун жогору жагында калган үчүнчү туристти издөө иштерин улантууда.

Окуя кечээ, 4-октябрда болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, тоого чыгуу маалында үч же төрт адам кулап кеткен. Айрымдарынын колу-буттары жабыркаган. Бул туристтик топ ӨКМден каттоодон өтпөгөнү белгилүү болду.

Куткаруу операциясына медицина кызматкерлери жана куткаруучулар менен бирге “Катастрофа медицина борборунун” тик учагы тартылган. Тик учак адистерди деңиз деңгээлинен 1,5 миң метр бийиктикке түшүргөн. Ошол эле учурда тоонун этегинен куткаруучулар тобу көтөрүлүп бара жатат.

Жалпысынан куткаруу иштерине 45 адам тартылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: