super.kg logo

Путин: "Tomahawk ракеталарын Украинага берүү Орусия менен АКШнын мамилесин бузат"

 

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ президентинин администрациясы Украинанын армиясына узак аралыкка учуучу Tomahawk ракеталарын берүү чечимин кабыл алса, бул Орусия менен АКШнын мамилесинин бузулушуна алып келерин билдирди. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.

Маалым болгондой, 2-октябрда Сочиде өткөн "Валдай" талкуу клубунун пленардык жыйынында Путин Tomahawk ракеталарын америкалык аскерлердин түз катышуусуз колдонуу мүмкүн эместигин айтып, мындай кадам жаңжалдын жаңы баскычына алып келерин, анын ичинде Орусия менен АКШнын ортосундагы чыңалууну күчөтөрүн белгилеген.

"Мен буга чейин эле айткам, бул биздин мамилелердин кыйрашына алып келет. Болгону акыркы убакта байкалган оң тенденциялар жокко чыгат. Ошондуктан мен эмне ойлосом, ошону айтып жатам. Бирок мындан ары эмне боло турганы бизден гана эмес, башка тараптардан да көз каранды", - деди Путин.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: