super.kg logo

Тбилисиде оппозициянын нааразычылык акциясы кайрадан башталды

 

Тбилисиде кечээ, 5-октябрда оппозициянын нааразычылык акциясы кайрадан башталды. Митингге чыккандар Грузия парламентинин жанындагы Руставели проспектин тосуп алышты. Бул тууралуу Грузия-Онлайн басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, акцияга болжол менен миңге жакын киши катышып, Грузиянын, Евробиримдиктин жана Украинанын желектерин көтөрүшкөн. Полиция акцияга кийлигишкен жок.

Демонстранттар мурдагыдай эле жаңы шайлоо өткөрүүнү жана кармалгандарды бошотууну талап кылышууда. Грузиянын ИИМи мындай жыйындарды "бийликти кулатууга аракетинин уландысы" деп атады.

Бир күн мурун өлкөдө жергиликтүү шайлоо өтүп, анын фонунда Тбилисиде баш аламандык чыккан. Алты митингчи жана 21 полиция кызматкери жаракат алганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: