Трамп жыгылганын унуттубу? Ал Байденге окшоп тепкичтен мүдүрүлбөй турганын айтты
АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнөн мурунку президент Жо Байденден айырмаланып, тепкичтен этияттап басарын билдирди.
"Бизде эмне болуп жатканын билбеген коркунучтуу президент болгон. Анын тепкичтен түшүү мүмкүнчүлүгү аз эле. Мен этият болушум керек, анткени мен качандыр бир күнү жыгылып калышым мүмкүн",- деди ал АКШнын деңиз флотунун 250 жылдыгына карата Норфолк деңиз станциясында сүйлөгөн сөзүндө.
Деген менен Ак үйдүн башчысы июнь айында Морристаун шаарындагы аэропорттон учакка чыгып бара жатып чалынып кеткен.
Белгилей кетсек, АКШнын мурдагы президенти Жо Байден 2021-жылы Атлантага учар алдында учактын тепкичинде бир нече жолу чалынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-10-06
9:21
2025-10-06

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.