super.kg logo
  Саясат  

Шайлоо-2025: Добуш берүүчүлөрдүн алдын ала тизмеси жарыяланды

 

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата алдын ала шайлоочулардын тизмесин жарыялады.

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча 4 287 222 шайлоочу бар. Бул тизме кагаз түрүндө ушул жылдын 14-октябрына чейин өлкөдөгү 2492 шайлоо тилкелеринде илинет.

Ошондой эле аталган тизме мамлекеттик «Тизме» порталына жайгаштырылды.

Шайлоочу өзүн тизмеден ушул жылдын 19-ноябрына чейин текшере алат:

  • 1255 же 119 кыска номерлерине чалып;
  • шайлоо тилкесинен;
  • "tizme.gov.kg" сайтынан;
  • ПИН-кодун (жарандык паспорттогу персоналдык идентификациялык номер) 119 кыска номерине SMS түрүндө жөнөтүп, жооп катары өзүнүн шайлоо тилкесинин номери менен дарегин ала алат (SMS жана чалуулар акысыз).

Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда шайлоочу 19-ноябрга чейин электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, “tizme.gov.kg” сайтында "Шайлоочунун кабинети" кызматы аркылуу арыз менен кайрылууга укуктуу.

Шайлоочулардын тизмесинде жок болгон учурда биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан жол-жободон өтө алышат.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: