super.kg logo

Кытай Украинанын айыптоолоруна жооп берди

 

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Пекин орусиялыктарга Украинага ракеталык сокку уруу үчүн спутниктен маалымат берди деген айыптоого комментарий берди. Бул тууралуу УНИАН маалымат агенттиги жазды.

Министрликтин өкүлү мындай маалымат тууралуу өздөрүнө эч нерсе белгилүү эмес экенин айтып, Кытай Орусия–Украина согушуна карата "адилеттүү жана объективдүү позицияны" карманып келе жатканын билдирди.

"Бизде бул тууралуу эч кандай маалымат жок. Кытайдын "украиналык кризис" боюнча позициясы ар дайым ачык, калыс жана бейтарап болуп келген, бул эл аралык коомчулук тарабынан да таанылган",- деп айтылат ТИМ өкүлүнүн билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, 5-октябрга караган түнү Орусия Украинага абадан, деңизден жана жерден атылуучу ракеталар менен массалык сокку урган. Украина аба күчтөрү 496 "Shahed" жана башка типтеги дрондорду атып түшүргөн. Ошол маалда айрым маалымат каражаттары Батыш Украина үстүнөн, өзгөчө Львов облусунда, Кытайдын үч чалгын спутниги учуп өткөнүн билдиришкен. Алар чыныгы чалгын жүргүзгөндүгү же жүргүзбөгөнү азырынча белгисиз, бирок бул факт эл аралык тынчсыздануу жараткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: