super.kg logo

Трамп Газадагы ок атышууну токтотуу боюнча жакшы сүйлөшүүлөр болгонун билдирди

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Газа секторунда ок атууну токтотууга байланыштуу "абдан жакшы" сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, өткөн дем алыш күндөрү ХАМАС жана бир катар өлкөлөр менен туткундарды бошотуу жана согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр ылдам ыргакта жүргөн.

Трамп тараптар дүйшөмбү күнү Египетте акыркы деталдарды тактоо үчүн кайра жолугарын айтып, ок атууну токтотуу келишиминин биринчи этабы ушул жумада бүтүшү керектигин белгиледи. Ал бардык тараптарды "тез аракет кылууга" чакырып, "убакыт маанилүү, болбосо көп кан төгүлөт" деди.

Эске салсак, 3-октябрда ХАМАС Трамптын Газа планы боюнча туткундарды алмашуу сунушуна макул болгонун билдирген. Трамп бул билдирүү ХАМАС туруктуу тынчтыкка даяр экенин көрсөтөрүн айтып, Израилди бомбалоону токтотууга чакырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: