Шайлоо-2025: Үч партия талапкер көрсөтөрүн билдирди
Борбордук шайлоо комиссиясына Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн үч партия өз талапкерлерин көрсөтө тургандыгын билдирди. Бул тууралуу мекемеден бүгүн, 6-октябрда билдиришти.
Алар "Кырк ууз", "Легалайз", "Ынтымак" партиялары.
Мыйзамга ылайык бул саясий партиялар эми съезд өткөрүп, ар бир округдан бирден талапкерди съездде жашыруун добуш менен көрсөтүш керек.
Эске салсак, партия өзүнүн съездинде ар бир көп мандаттуу шайлоо округунан бирден талапкерди жашыруун добуш берүү жолу менен көрсөтөт. Съезддин чечими партиянын мөөрү менен бекитилип, кол коюлуп, БШКга жөнөтүлөт.
Партия өз мүчөсү болуп саналбаган Кыргыз жаранын талапкерликке көрсөтө алат. Бирок башка саясий партиялардын мүчөлөрүн талапкерликке көрсөтүүгө укугу жок.
Тизмени түзүүдө гендердик тең салмактуулук сакталууга тийиш. Бир жыныстагы талапкерлердин саны 70 пайыздан ашпоосу керек.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген.

