super.kg logo

Эверест тоосунун чыгыш капталында кар бороонунан улам миңге жакын альпинист кармалып калган

 

Тибеттеги Эверест тоосунун чыгыш капталында кар бороонунан улам миңге жакын альпинист кармалып калган. Кытайдын мамлекеттик маалымат булактары билдиргендей, алардын көбү куткарылып, дагы 200дөн ашык адам менен байланыш түзүлгөн.

Маалым болгондой, деңиз деңгээлинен 4 900 метр бийиктиктеги аймакта жолдор карга бөгөлгөндүктөн, жергиликтүү тургундар жана куткаруучулар жардамга жөнөтүлгөн. Куткарылган альпинисттер Куданг шаарчасына жеткирилген. Бийликтер дем алыш күндөрү катуу кар жана жамгыр жаагандыктан Эверест туристтик аймагына кирүү убактылуу токтотулганын маалымдашкан.

Куткарылган альпинисттердин бири Чэнь Гэшуан Рейтер агенттигине "аба абдан суук жана нымдуу болгонун, жетекчиси мындай аба ырайын октябрь айында биринчи жолу көргөнүн" айткан. Дагы бир альпинист Эрик Вен "чатырыбыз урап калбасын деп ар 10 мүнөт сайын сыртка чыгып карды тазалап турдук" деп билдирген.

Куткарылган топ жекшемби күнү тоодон түшүп, жергиликтүү тургундар тарабынан жылуу тамак жана чай менен тосуп алынган. Ал эми тоодо калган башка альпинисттер да жакын арада Кудангга жеткирилери кабарланды. Эвересттин түндүк тарабындагы альпинисттерге бороондун таасири тийип-тийбегени белгисиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: