super.kg logo

Садыр Жапаров УКМКнын өлкөдө бардык аймагындагы бөлүмдөрүнүн имараттары жаңыланганын айтты

 

Бүгүн, 6-октябрда өлкө башчы Садыр Жапаров УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын имаратынын ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

"Акыркы 4-5 жылдын ичинде өлкөбүздүн бардык аймагында коопсуздук комитетинин аймактык башкармалыктарынын имараттары оңдоп-түзөөдөн өтүп, бир тобу жаңы салынып, материалдык-техникалык базасы жаңыртылды. Ошону менен бирге, билесиздер, быйыл борборубуздагы башкы штаб-квартира жаңыдан курулду, атайын кызматтын келечектеги кадрларын даярдоо үчүн УКМК академиясы негизделип, заманбап шарттагы окуу комплекси ачылды. Бүгүн болсо сиздер менен Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыктын жаңы имаратын ачуу аземинде турабыз",- деди мамлекет башчы.

Президент ошондой эле УКМКнын шаардык башкы башкармалыгынын тарыхына токтолду.

"Өлкөбүз көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин, 1992-жылдын 22-октябрында Улуттук коопсуздук кызматынын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча бөлүмү түптөлгөн. Кийин улуттук коопсуздук бөлүкчөлөрүн оптималдаштыруу максатында 2002-жылы Чүй облусу жана Бишкек шаарын тейлеген бөлүм Чүй облусу боюнча башкармалыгы жана Бишкек шаардык бөлүмү болуп өз-өзүнчө бөлүнгөн.

Оптимизациянын кийинки этабында 2005-жылы шаардык бөлүм Бишкек шаары боюнча башкармалык болуп өзгөртүлгөн. Борбор калаабыз кеңейип, элдин саны артып, жаңы жагдайлар жаралып, талаптар күчөтүлгөнүнө байланыштуу, 2014-жылы Бишкек шаары боюнча Башкы башкармалыгы болуп бекитилген.

Укуктук жактан ушундай оптимизация жүргөнү менен, тилекке каршы, Башкы башкармылыктын өзүнө тиешелүү административдик имараты болгон эмес. Алар ар кайсы мекемелердин имараттарына батышып, иш алпарууга аргасыз болушкан. Тактап айтканда, борбор калаанын чекисттери 2014-жылга чейин 40 чарчы метрди түзгөн кичинекей бир имаратта иштеп келишкен. 2014-жылы өз имаратына ээ болгону менен ал жакта деле толук кандуу иштөө шарттары камсыздалган эмес.

Кыскача айтканда, УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгы ушундай шартта коопсуздугубузду камсыздап келишкен. 2024-жылы гана Комитет жетекчилигинин демилгеси менен биз турган жерде жаңы имараттын курулушу башталган эле. Бүгүн минтип, жалпы аянты 5000 чарчы метрге жеткен заманбап имаратка ээ болуп олтурабыз.
Эми башкы башкармалыгыбыздын кызматкерлери керектүү материалдык-техникалык жабдуулар менен жабдылган, жарандарды кабыл алууга ыңгайлуу кабинеттери, спорттук комплекси, ашканасы жана башка керектүү заманбап шарттары түзүлгөн имаратта иш алпарышат",- деп кошумчалады Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: