Садыр Жапаров УКМКнын кызматкерлерине кайрылды
Өлкө башчы Садыр Жапаров өлкөнүн коопсуздугун үчүн УКМКнын кызматкерлери көп аракет кылышы керектигин айтты. Президенттин сөзүн анын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов жарыялады.
"Барган сайын коркунучтардын чектери бүдөмүк болуп жаткан азыркы учур улуттук коопсуздук органдарынан салттуу ишмердиктен тышкары, көп аракеттерди, жаңы ык-амалдарды жана жаңыча мамилени талап кылууда. Азыр адаттагыдай ар кандай кейипте кубулган тышкы душмандардан сырткары, өлкөнүн маалыматтык мейкиндигин коргоо, жат идеологиясын тымызын жайылткандардан сактоо, ичибизге сызып кирген чагымчыл иш-аракеттерди болтурбоо сыяктуу улуттук коопсуздугубузга, мамлекеттин туруктуулугуна залалы тие турган жана башка коркунучтуу көрүнүштөр менен алдын ала күрөшүү милдети курч турат.
Мындан улам бүтүндөй өлкөнүн коопсуздугунун келечеги өлкөнүн атайын кызматтарынын ишинин натыйжалуулугунан, ыкчам иш алпаруусунан, жаңы билимге ээ болуу менен бирге жогорку жөндөмдүүлүгүнөн түздөн-түз көз каранды. Ошол себептен бүгүнкү ачылып жаткан жаңы инфратүзүм коопсуздук комитетинин, анын ичинде, айрыкча шаар боюнча башкы башкармалыктын ыкчам иш-аракетинин сапатын жогорулатарын, ошондой эле ички жана тышкы коркунучтарга каршы алдын ала күрөшүүгө өбөлгө болоруна бекем ишенем.
Урматтуу чекисттер, мамлекетибиздин коопсуздугун камсыздап, жүктөлгөн милдеттерди ак ниеттүүлүк менен аткарып, кооопсуздук органдарынын кызматкери деген сыймыктуу атты сактап, үлгү көрсөткүлө!"- деген мамлекет башчы бүгүн, 6-октябрда УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын имаратын ачып жатып.

