Бишкекте бул жумада кандай аба ырайы күтүлөт?
Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, Бишкекте эртең, 7-октябрда күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +3 ... +5, күндүз +18 ... +20 градус жылуу болот.
Шаршемби, 8-октябрь
Бул күнү баш калаада жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын табы түнкүсүн +4 ... +6, күндүз +18 ... +20 градус жылыйт.
Бейшемби, 9-октябрь
Борбор калаада бул датада күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +4 ... +6, күндүз +18 ... +20 градус жылуу болот.
Жума, 10-октябрь
Бишкекте 10-октябрда жаан-чачын жаабайт. Абанын табы түнкүсүн +5 ... +7, күндүз +18 ... +20 жылыйт.
Ишемби, 11-октябрь
Борбор калаада ишембиде күн ачык болуп, абанын температурасы түнкүсүн +5 ... +7, күндүз +20 ... +22 градус жылуу болот.
Жекшемби, 12-октябрь
Бишкек шаарында 12-октябрда күн бүркөк болуп, бирок жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын табы түнкүсүн +6 ... +8, күндүз +21 ... +23 градус жылыйт.

