super.kg logo

ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 6-октябрдан 12-октябрга чейин

 

КОЙ
(21.03–20.04)

Бул апта сиз үчүн жагымдуу маанайда өтөт. Кабатырлана турган жагдайлар орун албайт. Өзүңүздү ырахаттандыра турган нерселерге көңүл бөлгөнгө убакыт жетти: даамдуу тамак, шопинг, йога, саякат, окуу, кино, театр жана башка. Эмоцияны башкара билиңиз, болбосо жакшы маанайдын өзгөрүшүн көзөмөлдөй албай каласыз. Бойдоктор коомдук жайлардан кокустан түгөйүнө жолугуп калышы ыктымал, жаңы таанышууларга ачык болуңуз. Апта соңу өзүңүз пландагандай абалда өтөт.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Алыстан коноктор келиши күтүлөт. Үйүңүздө шаң, белек-бечкек, сагыныч, жагымдуу баарлашуу, жакшы маанай орун алмакчы. Кыймылсыз мүлккө байланыштуу документ иштери менен алек болушуңуз ыктымал. Финансы тармагында туруктуулук сакталат, ал эми жеке жашоодо түгөйүңүз менен майда пикир келишпестиктер жаралышы мүмкүн. Чырды чечүүдөн качпай, жай отуруп сүйлөшсөңүз маселе бат чечилет. Жалкоолукту артка жылдырсаңыз эле колуңуздагы иш алга жылат.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Жалгыз, тынчтыкта, эркиндикте болуу каалоосу жаралат. Бирок жалгыздыктын туткунунда калуу сизге жарашпайт, тескерисинче, көпчүлүктүн арасында болсоңуз керексиз ойлордон алаксып, стресстен арыласыз. Аптада тобокелчиликтүү чечим талап кылган ишке кабыласыз, коркпой алга кете бериңиз, жыйынтыгы жакшы болмокчу. Сапарга чыгууну пландап тургандардын планына өзгөрүүлөр кирет. Соода тармагында эмгектенгендер дем алыш күндөрү чоң кирешеге ээ болушу күтүлөт.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Активдүү, окуяга бай апта күтөт десеңиз жаңылышасыз. Тескерисинче, жумуш жайлап, керектүү жерлерден жооп күтүп калышыңыз мүмкүн. Жумуштагы бул паузадан пайдаланып ден соолукка көңүл буруңуз, тиш жасатып дегендей. Романтикалык сферада бөйөндөр активдүү, демилгечи болсо жарашат. Жашаган жайын которууну көздөгөндөрдүн планы ушул жумада ишке ашуусу мүмкүн. Кимдир бирөө сизге күтүүсүздөн белек берип таң калтырат. Каржылык маселелер тынчыңызды алышы мүмкүн.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Көптөн бери кол тийбей, убакыт бөлбөй жүргөн үй-чарба иштерине убакыт бөлүүгө туура келет. Ден соолугуңузга пайда келтире турган жаңы адатты жашооңузга сиңирүү сунушталат: эртең менен эрте туруп чуркоо же кечкисин туура тамактануу, спирт ичимдигинен баш тартуу жана башка. Күтүлбөгөн жерден туугандар ортосунда чыр чыгышы мүмкүн, озунуп биринчи ой билдирбей, улуулардын сөзүн уккан туура. Дем алышты көпчүлүк арасында эмес, үйдө өткөрүү сунушталат.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Түгөй издеп жүргөндөргө адамдын сырткы көрүнүшүнө эмес, ички дүйнөсүнө кароо сунушталат. Болбосо туура эмес тандоо жасап өкүнүп калышыңыз мүмкүн. Эсеп-кысап иштеринде так болуңуз. Чыгармачыл энергияңыз аптада жогору болот. Андыктан бир нерсени өзгөртөм, жаңылайм деген оюңуз болсо, алга! Балалуулар аларга көбүрөөк көңүл буруу, колдоо керектигин унутпашы керек. Сиз душман деп ойлоп жүргөн адамдан өзүңүздүн дарекке карата жакшы ой-пикир угуп таң каласыз.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Аптада ички гармонияга жетесиз. Чыгармачылык, искусство, коомдук долбоорлор менен иштегендер жашоосунда жаңы барак ачышы мүмкүн. Бул жумушуна байланыштуу пайдалуу сунуштардан улам болот. Кимдир бирөө көптөн бери жагып жүрсө, ушул аптада сезимдериңизди билдирсеңиз жакшы жооп аласыз. Эс алуу күндөрүн үй шартында өткөргөнүңүз жакшы: даамдуу тамак жасап, досторду чакырып же түгөйүңүз менен романтикалык кеч уюштуруп. Жагымдуу маанай жакшы энергия тартуулайт.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Жылдыздар бул аптада чаяндардын энергиясы көтөрүлөт дешет. Жумушуңузда каржылык абалыңызды жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жеке мамилелерде майда-чүйдөгө да көңүл бурганга аракет кылыңыз, бул сиздин ишенимдүү адам экениңизден кабар берет. Ишемби-жекшемби күндөрү жагымдуу сюрприз болушу мүмкүн. Бойдоктордо бул күндөрү түгөйүн табууга мүмкүнчүлүк болбойт. Ден соолугуңуздагы көйгөйлөр эмоционалдык абалыңыздан көз каранды болушу ыктымал.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Жаачылар үчүн апта болушунча тынч өтөт. Жумушка байланыштуу иш сапарлары артка жылып маанайыңыз түшүүсү мүмкүн. Бирок достор менен жолугуп, маанайды көтөрүүгө мүмкүнчүлүк жаралат. Жасаган жумушуңузга жараша акы алып кубанасыз. Сиздин жүрөгүңүзгө талапкер адамды сырттан байкоо абалында болосуз. Өзүңүздү кубантып шопингге чыгыңыз, кийиниңиз, көңүлгө толгон буюм-тайым сатып алыңыз. Апта аягында үйдө эмес, башка жакта эс алганга аракет кылыңыз.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Өзгөрмөлүү абалда болосуз, бир туруп маанайыңыз көккө жете көтөрүлсө, бир туруп төмөндөйт. Бул күндөрү сизди курчап турган адамдарга кескин сын, орой сөз айтуудан качыңыз. Антпесе алардын аркасынан чуркап кечирим сурап каласыз. Суук тийип калуу коркунучу бар, жылуу кийинип жүрүңүз. Чөнтөгүңүздү калыңдата турган каржы булагын табасыз. Сөөк-омуртка ооруларынын алдын алып, оор көтөрбөй, кескин кыймылдарды жасабаганга аракет кылыңыз.

СУУ КУЯР
(21.01–19.02)

Материалдык маселелерди чечүүгө активдүү аракет кыласыз. Натыйжа дароо болбошу мүмкүн, бирок келечекте жасаган аракетиңиз жемишин берет. Жеке жашоодо эмоционалдык окуяларга бай апта болмокчу. Өзүңүздүн үйүңүздө же туугандардыкында өтчү той-ашка аралашасыз. Юридикалык жоопкерчиликти талап кылган иштерде кылдат болуңуз. Дем алыш күндөрү канбай жүргөн уйкуну кандырууга мүмкүнчүлүк жаралат. Тынч жагдайда эс алып, кийинки аптага күч топтоп алыңыз.

БАЛЫК
(20.02–20.03)

Балыктар үчүн эргүү жана ийгилик алып келе турган апта. Баштоодон коркуп жүргөн идеяларыңызды ишке ашырсаңыз болот. Жеке жашоодогу гармония сиздин канчалык ачык-айрым болгонуңуздан көз каранды. Дипломаттык талантыңыздан пайдаланыңыз. Эл көп топтолгон жерлерге барбоо, алыска сапарга чыкпоо сунушталат, инфекциялык ооруларды жугузуп алуу коркунучу бар. Дем алыш күндөрү жумушту артка жылдырып, эс алууга өзүңүзгө шарт түзүшүңүз керек.



Источник: super.kg маалымат-маанайшат порталы






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: