2025-жылдагы медицина боюнча Нобель сыйлыгынын ээси аныкталды
2025-жылдагы физиология жана медицина боюнча Нобель сыйлыгы америкалык Мэри Брунков, Фрэд Рамсделл жана япон окумуштуусу Шимон Сакагучиге берилди. Алар иммундук системдин организмге зыян келтирбешине жооптуу болгон перифериялык иммунологиялык толеранттуулук жаатындагы жаңычыл ачылыштары үчүн сыйланышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматтарга караганда, окумуштуулар регулятордук Т-клеткаларды аныктап, алардын иммундук системдин өз ткандарына каршы кол салуусуна бөгөт коёрун далилдешкен. Бул ачылыш аутоиммундук оорулардын келип чыгышын түшүнүүдө жана дарылоо ыкмаларын өркүндөтүүдө чоң мааниге ээ болду.
Нобель комитети белгилегендей, бул изилдөөлөр иммундук системдин иштөө механизмин терең түшүнүүгө өбөлгө түздү. Физиология жана медицина жаатындагы бул сыйлык менен Нобель жумалыгы 2025 расмий түрдө башталды.
