super.kg logo

Арашан айылындагы ички жолго 4 чакырым асфальт төшөө иштери уланууда

 
Талас облусуна караштуу Арашан айылындагы ички жолго 4 чакырым асфальт төшөө иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Долбоордо тротуар, суу өтүүчү түтүктөр, жол белгилери, жол чийиндери да каралган. Жеринде 24 атайы техника, 35 кызматкер иш алып барууда.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 11-июлунда транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Арашан айылынын тургундары менен жолугушкан. Чогулгандардын жол маселесине байланыштуу көйгөйлөрүн уккан Сыргабаев Арашан айылынын ички жол тилкеси министрликтин балансында болбогонуна карабастан жергиликтүү тургундардын суранычы менен планга киргизип, капиталдык салымдар беренесинин эсебинен асфальт төшөө жана бир тараптуу тротуар куруу тапшырмасын койгон.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: