Токтогул шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси опузалап акча талап кылган шериктери менен кармалды




Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда балдарды мектепке чейинки мекемелерге кабыл алууда, кызматкерлерди ишке орноштурууда жана жетекчи кызматтарга дайындоо үчүн системдүү негизде опузалап акча талап кылып келген жарандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жарандардын көп жолку даттанууларынын жыйынтыгы менен Бала-Чычкан айылындагы "Нурпейилим" бала бакчасынын мурдагы башчысы Т.Э., Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы менен мекеменин адиси А.К. жана С.Д. кармалышты.
УКМК билим берүү тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге карабастан, айрым кызмат адамдары мыйзамсыз иштер менен алектенип жаткандыгын белгиледи.

