super.kg logo

Үч партия паламенттик шайлоого өз талапкерлерин көрсөтө тургандыгын билдирди

 

30-ноябрда мөөнөтүнөн мурда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу учүн өз талапкерлерин көрсөтө тургандыгын үч партия расмий билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда БШКдан билдирип, алар "Кырк ууз", "Легалайз" жана "Ынтымак" партиялары экендиги маалымдалды.

Мыйзамга ылайык, бул саясий партиялар эми съезд өткөрүп, ар бир округдан бирден талапкерди съездде жашыруун добуш менен көрсөтүш керек.

"Партия өзүнүн съездинде ар бир көп мандаттуу шайлоо округунан бирден талапкерди жашыруун добуш берүү жолу менен көрсөтөт. Съезддин чечими партиянын мөөрү менен бекитилип, кол коюлуп, БШКга жөнөтүлөт. Партия өз мүчөсү болуп саналбаган Кыргызстандын жаранын талапкерликке көрсөтө алат. Бирок башка саясий партиялардын мүчөлөрүн талапкерликке көрсөтүүгө укугу жок", - деп белгиленген маалыматта.

Тизмени түзүүдө гендердик тең салмактуулук сакталууга тийиш: эркек кишилердин саны 70 пайыздан ашпоосу керек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: