super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Мадридде курулуп жаткан имарат урап, төрт адам каза болду

 

Мадриддин борборунда курулуп жаткан имарат урап, төрт адам каза болду. Бул тууралуу El Pais басылмасы жазды.

Маалым болгондой, шаршембиге караган түнү куткаруучулар мурда дайынсыз жоголгон деп эсептелген дагы эки куруучунун жансыз денесин табышкан.

Буга чейин Мадрид шаарынын мэри Хосе Луис Мартинес Альмейда объектте иштеп жаткан эки адамдын каза болгонун ырастаган.

"Имараттын алтынчы кабатынын жабуулары урап түшүп, анын кесепетинен биринчи кабатка чейин баары кыйрады",- деген мэр.

Айрым басылмалар окуя болгон учурда курулуш аянтчасында ондогон адамдар иштеп жатканын жазышты. Алар бул жерде мурдагы имаратты реконструкциялап, анын ордуна төрт жылдыздуу мейманкана курууну пландашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: