super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ХАМАС менен Израил камактагы туткундардын тизмесин алмашышты

 

ХАМАС менен Израилдин жетекчилиги Газа секторунда ок атышууну токтотуу келишиминин алкагында барымтага алынгандар менен камактагы туткундардын тизмесин алмашышты. Бул тууралуу ХАМАСтын расмий өкүлү Тахер ан-Нуну билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

"Бүгүн биз мурда макулдашылган критерийлерге ылайык бошотулушу керек болгон барымтадагы адамдар менен туткундардын тизмеси боюнча алмашуу жүргүздүк",- деди ан-Нуну.

Анын айтымында, Израил тарап тапшырган тизмеде макулдашылган сандагы палестиналык туткундар камтылган. Бирок так саны айтылган жок.

Израил менен ХАМАС делегацияларынын ортосундагы расмий байланыштар 6-октябрда Египетте башталган.

Буга чейин ХАМАСтын жетекчилиги АКШ президенти Дональд Трамп сунуштаган планды аткарууга даяр экенин жарыялаган. Ага бардык израилдик барымтадагыларды бошотуу да кирген.

Бул билдирүүдөн кийин Трамп Израилди Газа секторуна соккуларды токтотууга жана барымтадагыларды коопсуз бошотууга шарт түзүүгө чакырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: