Эстафетаны улай... Эми ырчы Айдана Дека туулган күнүндө алган гүлдөрүн таратты (видео)
Белгилүү ырчы Айдана Дека туулган күнүндө алган гүлдөрүн таратты. Бул тууралуу ырчы айым социалдык тармактагы баракчасына видео жүктөдү.
"Салт боюнча гүлдөрдү сүйүктүү айымдарга тараттым. Алардын маанайын көтөрдүк деп үмүт кылам",- деген ырчы айым видеосунда.
Андан соң видеонун алдында төмөнкүдөй билдирүү калтырган: "Туулган күнүмдөн кийинки таң ушундай сонун башталды. Адамдардын жүзүнө кубаныч жана жылмаюу тартуулоо чыныгы бакыт экен. Ошондой эле эң активдүү катталуучуларыма тортторду жана гүлдөр салынган себетчелерди жөнөттүм".
Айдана Дека быйыл 29 жашка толду. Ал 1996-жылы 5-октябрда Каракол шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, ырчы Аваз Акимов менен эки кызды тарбиялап келүүдө.
Эске салсак, буга чейин блогер Бекзада Жолборсова да туулган күнүндө алган гүлдөрүн көчөдөгү айымдарга тараткан.
Эстафетаны улай... Эми Айдана Дека туулган күнүндө алган гүлдөрүн таратты



