super.kg logo
  Саясат  

Алдыдагы кезексиз парламенттик шайлоо кандай өтөт? Жаңы мыйзамда эмнелер камтылган?

 

Жогорку Кеңеш 25-сентябрдагы жыйынында өзүн-өзү таркатуу боюнча чечим кабыл алды. Сунушту 32 депутаттан турган топ демилгелеп чыкты. Демилгечилердин бири, эл өкүлү Улан Примов депутаттарды таркатууга шайлоо боюнча кабыл алынган жаңы мыйзам жана президенттик жана парламенттик шайлоолордун удаа келип калышы негиз болгонун билдирди.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу чечим кабыл алынгандан кийин VII чакырылыштын депутаттарынын ыйгарым укуктары жаңы парламент шайланып келгенче сактала турганын айтты. Ал арада Президент Садыр Жапаров кезексиз шайлоонун мөөнөтүн 30-ноябрга белгиледи.

Улан Примов парламенттин таркашына жүйө келтирген жаңы мыйзамды Жогорку Кеңеш 30-апрелдеги жыйынында үчүнчү окуудан жактырган. Президент Садыр Жапаров ал мыйзамга 9-июнда кол койгон.

Эми 30-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоо жаңы мыйзам менен өтмөкчү. Анда кандай өзгөрүүлөр бар?

Жаңы мыйзамда өлкө боюнча 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлүп, можаритардык тутум менен анын ар биринен көп добуш алган үч талапкер, жалпы 90 талапкер Жогорку Кеңешке шайланары жазылган. Ошондой эле мыйзамдын долбоорунда аялдар үчүн 30 депутаттык мандат бөлүү каралып, депутаттык мандатка ат салышкан талапкерлердин добуштары бирдей болуп калган учурда каттоо үчүн документтерин эрте берген талапкер жеңүүчү деп таанылары белгиленген.

Мындан тышкары мыйзамда талапкер саясий партиянын тизмеси же жеке өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен катыша алары көрсөтүлгөн. Талапкер 25 жашка чыккан болушу керек жана жогорку билими бар, акыркы беш жылда өлкөдө туруктуу жашаган кыргыз жараны болуусу шарт. Ал эми депутаттын орду бошогондо кайра шайлоо өткөрүлбөстөн, ошол округдан добуш боюнча кийинки орунду алган талапкерге мандат берилет. Аялдын ордуна аял гана келет.

Документте өзүн-өзү көрсөткөн талапкердин күрөөсү 100 миң сомдон 300 миң сомго көбөйтүү каралган. Ал эми саясий партиялар үчүн күрөө 1 миллион сомдон 9 миллионго көтөрүлөрү жазылган. Коюлган күрөө кайра талапкерге кайтарылбайт. Үгүтчүлөрдү саны 1000ге көтөрүлгөн.

Мыйзамдагы кээ бир жагдайлар парламент тарагандан кийин такталып айтылды.

Алсак, Садыр Жапаров мыйзамда көрсөтүлгөн квота айымдарга гана тиешелүү эместигин айтты. Өлкө башчысы белгилегендей, коомчулукта туура эмес түшүндүрүлүп калган. Квота гендердик теңчиликти сактоо үчүн киргизилген. Тагыраагы, шайлоодо көп добуш алган алдыңкы 3 орун тең айымдарга тийип калса, анда 1 орун эркектер арасынан көп добуш алганга берилет. Ошондой эле президент мамлекеттик кызматкерлерге шайлоого катышуу үчүн чектөө коюлбастыгын, бирок койгондон кийин ээлген кызматынан биротоло бошотуларын кошумчалады.

"Министрби, мэрби, акимби же мектеп директору же жөнөкөй мугалим болобу талапкерлигимди коём десе, ээлеген кызматтарын тапшырып беришсин дагы, катыша берсин. Жетиштүү добуш алып өтүп кетсе депутат болуп калышат. Өтпөй калса, талапкер болгонго чейин ээлеген кызматтарынан дагы кол жуушат.

Антпесек жетекчилик кызматтагылар кол астындагыларды “мен өтпөй калсам, ордума кайра келем. Мага чуркабасаңар, көрсөтөм силерге!” деп коркутушу мүмкүн",- деди мамлекет башчы 2-октябрда "Кабар" агенттигине берген маегинде.

Мунун алдын да Жогорку Кеңеш жайкы эс алуудан келгенде депутат Акбөкөн Таштанбеков Шайлоо кодексине тактоолор керек экенин айтып чыккан. Ал шайлоо окуругунда айымдардын алган добуш "баарына каршыдан" аз болуп калса шайлоо таанылабы деген суроо койгон. Ага шайлоо мыйзамынын демилгечилеринин бири болгон депутат Марлен Маматалиев шайлоо өткөн окуругда "баарына каршы" талапкерлердин добушунан ашып кетсе, шайлоо жокко чыгарыларын, бирок бул норма шайлоо бүткөн соң мандатын тапшырган депутаттын ордуна келчү талапкердин добушуна таасир этпестигин айтып жооп кылган.

Борбордук шайлоо комиссиясы 1-октябрда өлкөнүн округдарга бөлүнгөн картасын жарыялады. Картада кезексиз парламенттик шайлоого карата өлкөнүн кандайча бөлүнгөнү көрсөтүлгөн.

Анда окуругдарда шайлоочулардын саны 122 миңден 164 миңге чейин камтыйт.

Баткен облусу:

№1 шайлоо округу Исхак Раззаков шаары. Шайлоочулардын саны 136 миң 220. Бул шайлоо округуна Сүлүктү шаары, Лейлек району толугу менен, Баткен районунун Баткен шаары, Ак-Татыр, Ак-Сай, Самаркандек айыл аймактары толугу менен киргизилген.

№2 шайлоо округу Кадамжай шаары. Шайлоочулардын саны 144 миң 380. Бул шайлоо округуна Баткен районунун Кара-Бак, Суу-Башы, Төрткүл, Алтын-Бешик айыл аймактары жана Кадамжай районунун Айдаркен, Кадамжай шаарлары, Актурпак, Молдо Нияз, Бирлик, Майдан, Орозбеков, Исхак Полотхан айыл аймактары толугу менен киргизилген.

№3 шайлоо округу Кызыл-Кыя шаары. Шайлоочулардын саны 136 миң 40. Шайлоо округуна Кадамжай районунун Масалиев, Үч-Коргон айыл аймактары, Кызыл-Кыя шаары, Ноокат районунун Кулатов, Төлөс, Көк-Жар айыл аймактары жана Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагы кирген.

Ош облусу:

№4 шайлоо округу Ноокат шаары. Шайлоочулардын саны 128 миң 275. Шайлоо округуна Ноокат шаары, Ноокат районунун Бел, Жаңы-Ноокат, Гүлистан, Зулпуев, Кара-Таш, Кеңеш, Көк-Бел, Кыргыз-Ата, Мирмахмудов жана Насирдин Исанов айыл аймактары, Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагынын Кичик-Алай жана Чөгөм айылдары кирген.

№5 шайлоо округу Араван айылы.Шайлоочулардын саны 164 миң 557. Шайлоо округуна Араван районунун Достук, Дөбө-Коргон, Юсупов, Чек-Абад айыл аймактары жана Керме-Тоо айыл аймагынын Гүлбаар айылы кирди. Ош шаарынын МТУ-2, МТУ-3, Кызыл-Кыштак шайлоо участкалары да кирген.

№6 шайлоо округу Ош шаары.Шайлоочулардын саны 161 миң 323. Шайлоо округуна Ош шаарындагы МТУ-1, 4, 5, 6 жана №5563, 5564 шайлоо участкалары кирди. Андан тышкары Ош-МТУ-Жапалак, Төлөйкөн, Кара-Суу районунун Папан айыл аймагы толугу менен кошулган.

№7 шайлоо округу Кара-Суу шаары.Шайлоочулардын саны 141 миң 18. Шайлоо округуна Ош шаарынын Нариман айыл аймагынын Жаңы-Маала, Жийделик, Чолпон айылдары, Кара-Суу шаары, Кара-Суу районунун Ала-Тоо, Манас, Жоош, Отуз-Адыр айыл аймактары толугу менен кирген.

№8 шайлоо округу Гүлчө шаары. Шайлоочулардын саны 142 миң 405. Шайлоо округуна Кара-Суу районундагы Мады, Датка, Баш-Булак айыл аймактары, Алай, Чоң-Алай районундору толугу менен киргизилген.

№9 шайлоо округу Өзгөн шаары. Шайлоочулардын саны 122 миң 779. Шайлоо округуна Кара-Суу районунун Савай, Ынтымак айыл аймактары, Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь, Куршаб, Жалпак-Таш, Кароол, Дөң-Булак айыл аймактары, Өзгөн шаары кошулган.

№10 шайлоо округу Кара-Кулжа айылы.Шайлоочулардын саны 136 миң 218. Шайлоо округуна Өзгөн районунун Баш-Дөбө, Төрт-Көл, Ийри-Суу, Жазы, Мырза-Аке, Кара-Шоро, Салам-Алик айыл аймактары жана Кара-Кулжа району толук кирген.

Жалал-Абад облусу: №11 шайлоо округу Манас шаары. Шайлоочулардын саны 155 миң 23. Шайлоо округуна Манас, Көк-Жаңгак шаары, Сузак районунун Барпа жана Багыш айыл өкмөттөрү толук кирген.

№12 шайлоо округу Сузак району. Шайлоочулардын саны 154 миң 398. Шайлоо округуна Сузак районунун Кыз-Көл, Көк-Арт, Атабеков, Кызыл-Туу, Сузак жана Кара-Дарыя айыл аймактары, Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагы, Базар-Коргон шаарынын 13 участкасы - №2131, 2132, 2133, 2134, 2135, 2136, 2375, 2377, №14, 22, №222 шайлоо участкалары кирген.

№13 шайлоо округу Масы айылы. Шайлоочулардын саны 159 миң 906. Шайлоо округуна Базар-Коргон шаарындагы №2423, 2428, 2140, 2141 учаскалары, Кеңеш, Арстанбап-Ата, Сайдыкум айыл аймактары кирди. Андан тышкары Ноокен районунун Дооронбек Садырбаев, Алиев, Момбеков айыл аймактары, Кочкор-Ата, Майлуу-Суу шаарлары кошулган.

№14 шайлоо округу Токтогул шаары. Шайлоочулардын саны 149 миң 154. Шайлоо округуна Ноокен районунун Бүргөндү-Достук, Шамалды-Сай шаарлары, Таш-Көмүр шаары жана Токтогул району толук кирген.

№15 шайлоо округу Кербен шаары. Шайлоочулардын саны 160 миң 218. Бул шайлоо округуна Аксы районунун Кош-Дөбө, Ак-Жол, Сары-Челек, Кара-Камыш айыл аймактары, Кербен шаары, Ала-Бука жана Чаткал району кошулган.

Талас облусу: №16 шайлоо округу Талас шаары.Шайлоочулардын саны 133 миң 880. Шайлоо округуна Айтматов, Манас, Бакай-Ата райондору жана Талас шаары кирген.

№17 шайлоо округу Кара-Балта шаары. Шайлоочулардын саны 149 миң 72. Шайлоо округуна Талас облусундагы Талас району, Чүйдүн Панфилов району толугу менен жана Жайыл районунун Жайыл, Сары-Коо, Суусамыр, Талды-Булак айыл аймактары, ошондой эле Чүйдүн Кара-Балта шаары кирген.

Бишкек жана Чүй облусу:

№18 шайлоо округу Беловодское айылы. Шайлоочулардын саны 139 миң 755. Шайлоо округуна Жайыл районунун Ак-Башат жана Ынтымак айыл аймактары, Москва району, Сокулук районунун Сары-Өзөн, Кайназаров жана Сокулук айыл аймактары кошулган.

№19 шайлоо округу Сокулук айылы. Шайлоочулардын саны 138 миң 373. Шайлоо округуна Сокулук районунун Гавриловка, Жаңы-Пахта, Төмөнкү Чүй, Манас, Военно-Антоновка, Күнтуу айыл аймактары, Бишкек шаарынын Ленин районундагы МТУ-106 (мурдагы Новопавловка), Ак-Өргө, Ак-Ордо, Ала-Тоо МТУ-103 толугу менен кошулган.

№20 шайлоо округу Лебединовка айылы. Шайлоочулардын саны 127 миң 760. Шайлоо округуна Аламүдүн району толугу менен, Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы Манас айылы, Учкун МТУ-208, Маевка МТУ-207, Калыс-Ордо МТУ-205 толугу менен кирди. Ошондой эле Свердлов районундагы Лебединовка айылы МТУ-307, Аламүдүн айылы МТУ-306, Эне-Сай МТУ-305, Бакай-Ата МТУ-302, Чоң-Арык МТУ-108, Бишкек шаарынын Ленин району кошулган.

№21 шайлоо округу Бишкек шаары.Шайлоочулардын саны 138 миң 792. Шайлоо округуна Бишкек шаарынын Ленин районундагы МТУ-101, 102, 104, 105, 108 жана Орок айылындагы МТУ-107 толугу менен киргизилген.

№22 шайлоо округу Бишкек шаары Москва көчөсү 15. Шайлоочулардын саны 135 миң 256. Шайлоо округуна Бишкек шаарынын Октябрь районунун МТУ-401, 402, 403, 404, 405, 406 жана Көк-Жар айылынын МТУ-407 кирген.

№23 шайлоо округу Бишкек шаары. Шайлоочулардын саны 131 миң 968. Шайлоо округуна Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы МТУ-201, 202, 203, 204, 205, 208 жана Пригородное айылынын МТУ-206 кирген.

№24 шайлоо округу Бишкек шаары. Шайлоочулардын саны 134 миң 326. Шайлоо округуна Бишкек шаарынын Свердлов районундагы МТУ-301, 302, 303, 305, 308 жана Төмөнкү Ала-Арча айылындагы МТУ-304 кирген.

№25 шайлоо округу Кант шаары. Шайлоочулардын саны 141 миң 173. Шайлоо округуна Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Тунгуч кичи району, Рухий Мурас, Кара-Жыгач, Алтын-Ордо МТУ-406 жана Ысык-Ата району толук кошулган.

№26 шайлоо округу Токмок шаары. Шайлоочулардын саны 132 миң 142. Шайлоо округуна Токмок шаары, Чүй жана Кемин району толук кошулган..

Нарын жана Ысык-Көл облустары:

№27 шайлоо округу Чолпон-Ата шаары. Шайлоочулардын саны 157 миң 722. Шайлоо округуна Ысык-Көл, Түп жана Ак-Суу райондору толук киргизилген.

№28 шайлоо округу Кызыл-Суу айылы. Шайлоочулардын саны 160 миң 181. Шайлоо округуна Каракол шаары, Жети-Өгүз жана Тоң райондору кирген.

№29 шайлоо округу Кочкор айылы. Шайлоочулардын саны 138 миң 152. Шайлоо округуна Ысык-Көлдүн Балыкчы шаары, Нарындын Кочкор жана Жумгал райондору, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо району толук кошулган.

№30 шайлоо округу Нарын шаары. Шайлоочулардын саны 136 миң 756. Шайлоо округуна Нарын шаары, Ак-Талаа жана Нарын району, Ат-Башы району толук киргизилген.

Бийлик шайлоону таза өткөрүүнү убадалап жатат. Президент Садыр Жапаров бийлик тарабынан шайлоододу ар кандай көз боёмочулуктарга жол берилбестигин белгилеп, эми таза шайлоо өткөрүү элден гана көз каранды экенин айтса, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев шайлоодо азыркы бийлик мурунку бийликтин каталарын кайталабастыгын билдирди. Ошондой эле атайын кызматтын башчысы шайлоого аттангандарды ар кандай көз боёмочулуктардан алыс болууга чакырып, жаза катуу болорун эскертти.

Айта кетсек, буга чейинки парламенттик шайлоодо аралаш тутуму колдонулган. 2020-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына келген 90 депутаттын 54ү пропорционалдуу тутум менен партиялык тизме аркылуу, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланышкан.




кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: