Быйыл химия боюнча Нобель сыйлыгы кимге бериле турганы аныкталды
2025-жылы химия боюнча Нобель сыйлыгы металлоорганикалык каркас структураларын иштеп чыгышканы үчүн япониялык Сусуму Китагавага, австралиялык Ричард Робсонго жана америкалык Омар Ягиге ыйгарылды.
Маалым болгондой, алар жаңы молекулярдык архитектураны – металлоорганикалык каркас структураларын (MOF) иштеп чыгышты. Бул түзүлүштөр чоң тешикчелери менен айырмаланып, молекулалардын ичинде эркин кирип-чыгуусуна шарт түзөт. Алар токойдун абасынан суу чогултуу, суудан булгануучу заттарды тазалоо, көмүр кычкыл газын кармоо жана кычкылтекти сактоо үчүн колдонулат.
Нобель комитети белгилегендей, ушул инновациянын негизинде химиктер миңдеген ар түрдүү металлоорганикалык каркас структураларын жараткан. Алардын айрымдары адамзаттын эң маанилүү көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берет.
2024-жылы химия боюнча сыйлык белокторду "компьютердик дизайн кылганы үчүн" Дэвид Бейкерге, ал эми белок структурасын алдын ала болжолдогону үчүн Демис Хассабис менен Жон Жамперге берилген.
Нобель жумалыгы 6-октябрда физиология жана медицина боюнча сыйлыктын лауреаттарын аныктоо менен башталган. Анда Мэри Брункоу, Фред Рамсделл жана Шимон Сакагути сыйлыкка татыктуу болгон. Кечээ, 7-октябрда физика боюнча сыйлык америкалык Жон Кларк, Мишель Деворе жана Жон Мартиниске берилди.
9-октябрда адабият, 10-октябрда тынчтык боюнча, ал эми 13-октябрда Швеция банкынын негиздеген экономикалык илимдер боюнча сыйлык ээси белгиленет.
Нобель сыйлыктарын тапшыруу салтанаты 10-декабрда Стокгольм шаарында өткөрүлөт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















