Бишкектеги айланма жолдо оодарылып калган жүк ташуучу унаанын айдоочусу окуяны түшүндүрдү
30-сентябрда айланма жолдо Howo үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа кырсыкка кабылып, интернет желесине видеосу тараган. Анда унаа каршы тилкеге чыгып, оодарылып кеткен.
Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы автоунаанын айдоочусун тапты. Текшерүү учурунда жүк ташуучу автоунаанын тормоз системи иштен чыккандыгы аныкталган. Башка унаалар менен кагылышпоого жана олуттуу кырсыкка жол бербөөгө аракет кылып, айдоочу каршы тилкеге чыккан, натыйжада автоунаа оодарылып кеткен.
Айдоочу менен профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Кырсыктан жабыркагандар жок.
Бишкектеги айланма жолдо оодарылып калган жүк ташуучу унаанын айдоочусу окуяны түшүндүрдү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















