super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Өзбекстанда 2 миңден ашуун мамлекеттик кызматкер кыскартылат

 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик башкаруу системасын кеңири оптимизациялоо боюнча жарлыкка кол койду. Жакынкы убактарда өлкөдөгү министрликтерде жана мекемелерде 2 миңден ашуун башкаруучу кызмат орду кыскартыла тургандыгын чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, бул чаралар башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана санарип башкарууга өтүү максатында ишке ашырылууда.

Кыскартууга 2141 кызматкер жана 16 мекеменин жетекчисинин орун басарлары туш болот.

Эң көп кыскартуулар:

  • Суу чарба министрлигинде — 224 кызматкер,
  • Айыл чарба министрлигинде — 218,
  • Юстиция министрлигинде — 197,
  • Экология министрлигинде — 176,
  • Жумуш менен камсыз кылуу жана жакырчылыкты кыскартуу министрлигинде — 163.
  • Салык комитетинде 486 кызматкер кыскартылат, ал эми Мамлекеттик активдерди башкаруу агенттигинде — 65.

Ошондой эле жетекчи орун басарлардын саны дээрлик эки эсеге кыскарат:

  • Комитеттерде 11дин ордуна 7,
  • Агентстволордо 12нин ордуна 6,
  • Инспекцияларда 13түн ордуна 7 орун басар калат.

Реформадан кийин бюджеттен каржыланган кызматкерлердин жалпы саны 43 миң 332 адамды түзөт, ал эми бюджеттен тышкаркы фонддордон — 3657 кызматкер болот.

Мамлекеттик органдарга кадрларды кыскартууда эмгек мыйзамдарын так сактоо тапшырылды. Жумуш менен камсыз кылуу министрлиги жана Кесиптик кошуундардын федерациясы бошогон адистерди жумушка жайгаштыруу иштери менен алектенет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: